Анекдот - кыргызча

Кыргызча анекдоттор

Бир аял зоо-магазинге кирип сатуучудан попугай көргөзүүсүн өтүнүптүр. Сатуучу кыз бир эле попугай калганын айтып, кааласа аны сатаарын билдирет. Аял попугайды карап көруп алам дейт. Сатуучу кыз бул попугайдын мурда сойкуканада жашаганын, ошон учун ар кандай сөздөрдү сүйлөп жиберээрин эскертет. Сатуучунун эскертүүлөрүнө көп деле маани бербеген аял, попугайды сатып алып үйүнө алып келет. Үй ичин бир сыйра айланып карап койгон попугай мындай дейт:
— «Ооо жаңы үй, жаңы хозяйка». ..
Аны уккан аял күлүп калат. Бир убакта аялдын эки кызы сырттан үйгө киришет. Аларды көргөн попугай кайра сүйлөйт:
— «Ооо жаңы үй, жаны хозяйка, жаңы жапжаш кыздар»…
Эч текени түшүнбөй калган кыздарына тиги аял болгон ишти түшүндүрүп берет. Кыздары да кулуп калышат.
Бир убакта уйдун ээси «жумуштан» келет дейт. Аны көрөөру менен попугайга кайра тил бүтөт:
— «Ооо жаңы үй, жаңы хозяйка, жаңы жапжаш кыздар, Кадыр байке бул үйду кантип таап келдиңиз?..»

Врач-аялды сүйбөгүлө, алар «Кийинкиси кирсин!» дей беришет,
Сатуучу аялды да сүйбөй эле койгула, анткени аларга келсең «кезекке тургула». деп айтат.
Жакшысы, педагог аялды сүйгүлө, анткени алар дайыма «Келгиле, дагы бир жолу кайталап коёлу» деп турушат.

Жаны жумушка орношкон МАИ кызмакери катуу келаткан авто унааны токтотсо, капкара айнегин бир аз түшүргөн айдоочу МАИ кызмакерин карап туруп: — «алгыла иттер» деп 200 $ жерге ыргытып ийет да кете берет. Тигини ары жакта машинада отурган көптөн бери иштеп келаткан МАИ кызмакери чакырып алып айдоочу эмне деди деп сурайт. Анда тиги алгыла иттер деп 200 $ таштап кеткенин айтса мурунку иштеген кызматкер мындай дейт: — «Анда бул акчаны мага берген турбайбы, сен али күчүксүн да»

МАИ кызматкери аксакал айдоочуну тосуп калат. Аксакал уулум кайсынысынан таштап кетейин десе МАИ кызматкери Курманжандан бирди таштап кетсениз жетет дейт. Анда аксакал карыган Курманжанды мага таштап жашыраак Бубусараны эле албайсынбы деген экен.

Медик: — «Сүйүү бул ооруу, жүрүп — жүрүп акыр аягында төшөккө жаткызат» .
Юрист : — «Кайдагы ооруу? Андан дарыланууну эч ким каалабаса… Жок, сүйүү — бул процесс».
Адвокат: — «Кандайча процесс болуп калат? Эгер мында жабырлануучулар жок болсо, тескерисинче эки тарап тең канааттануу алса? Жок, сүйүү — бул искусство» .
Маданият ишмери: — «Жок-жок, искусство талантты талап кылат, а сүйүү менен каалаган адам алектене алат. Менимче, сүйүү-бул илим».
Улгайган илимпоз профессор: — «Кантип сүйүү илим болсун? Менин көзүм жеткен, бирок колумдан келбеген нерсени жапжаш студент жасай алса».

Предыдущая страница 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18Следующая страница

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!