Анекдот - кыргызча

Кыргызча анекдоттор

Чаңкаган жолоочу суу ичүү үчүн айыл четиндеги кудуктун жанына токтоду.
Кудуктан бир аял суу алып жаткан экен. Ал жолоочуга ашкабактын кабыгынан жасалган чөмүчү менен суу сузуп берди. Чаңкоосу канган жолоочу ырахмат айтып, — эркектерден айланса болот, бул чөмүчтү жасаган эркектин колу гүл экен го чиркин, — деди.
— Эркекти эркек кылган аял, алганың жакшы болсо жакаң агарат, алганың жаман болсо чачың агарат, эркек канчалык кыйын болбосун аялдын айласынан кутула албайт, — деди аял суу алып жатып.
— Аялдардын куулугун жакшы билем, бирок баардык эле эркектер алдана бербейт, — деди жолоочу кетүүгө камынып.
— Эгер кааласам, сени өлүмгө кириптер кыла алам, кааласам сыйга татыктуу кылам, — деди аял олуттуу сүйлөп.
— Аны кантип ишке ашырасың, мен күбө болсом болобу, — деди жолоочу шылдың аралаш.
Ошол замат аял чакаларын жерге коё коюп, топуракка жата калы да, кыйкыра баштады: — Оой, эл-жуу-уурт, жардамга! Өлтүрдүү-үү…!
Аялдан мындайды күтпөгөн жолоочу же качып кете албай, же аны токтото албай, эмне кылар айласын таппай калды.
Ошол учурда аял үнүн басып токтоду да: — Мына азыр менин күйөөм жана туугандарым келип, сени өлүм эшигин көздөй алып жөнөйт, — деди.
Жолоочу эмне дээрин билбей шашып калды: — мени кечирип кой, мен сөзүмдөн жаңылдым, чындап эле силерден айла качып кутулбайт экен…
Аял жолоочунун сөзүнө көңүл бурбастан бир чака сууну алды да өзүнүн башынан ылдый куя салды.
Жолоочунун эми чындап айласы кетти. Артка бурулуп качмакчы болду эле, айылдан чуркап келе жаткан кишилерди көрүп кайра токтоп калды.
— Эмне болду?! Ким сага кол тийгизди? – деп кыйкырганча жетип келди эңгизээрдей болгон бир жигит. Артынан дагы үчөө-төртөө жете келди.
— Эч нерсе эмес, — деди аялы үстү-башын кагынып, мына бу азамат жолоочу болбогондо кудукка түшүп кетмекмин, аз жерден сактап калбадыбы.
Аялдын сөзүн уккан жолоочу оор үшкүрүп кудуктун кырына көчүк басты.
— Ырахмат сага, ак жолтой жолоочу. Менин аялымды сактап калдың. Жүрү эми үйгө баралы, сыйлуу коногум бол, — деди жанагы эңгизээрдей болгон эме.
— Жок, — деди жолоочу калтыраган үнү менен, — жолдон калбайын, менин да аялым бар, кокус ал да бир жамандыкка учурап жүрбөсүн. Жолоочу ордунан ыргып туруп артына кылчайбастан жолго түштү. Анын бул кылыгына жалгыз аялдан башка эч кимиси оңдуу түшүнбөй таңыркап кала беришти.

Бир мас көчөдө дубалды таянып, араң келе жатса көлчүктө дагы бир мас жатат дейт.
Анда дубалды сүйөнүп турган мас: — Эй, эмне жатасын, алына карап ичпейсинби,
десе. — көрөм сени азыр дубал бүтсө- деген экен.

Айылдан жаны келген эки бала карангыда көчөдө кетип баратышып,
бирөөсү айтат: -смотри на небе сколько звездей! -звездей эмес,
звездов туура болот,-дейт экинчиси. Анан экөө мелдешип кетип,
бир кыздан сурашат: «звездов правильно или зведей?»,-десе:»я таких словей не знаю!»,-дептир

Күйөөсү менен аялы ужас кино көрүп жатат дейт. Бир кезде экран
толгон эле ужастын бети болуп калат, аялы чоочуп кетип, ?апаааа!?
деп кыйкырат экен. Анда күйөөсү эч кам санабастан: ?апанды кантип тааный койдун? деген экен

Эки аял балкондон туруп алып амандашып атат дейт.
Биринчи аял: — Кандай анан кошуна? Ден-соолук жакшыбы?
Экинчи аял: — Кудайга шүгүр. Өзүнчү? Эмне, ооруп жатасынбы?
Биринчи аял: — Жок, ай. Эмнеге антип сурап атасын?
Экинчи аял: — Кечээ күнү бир врач үйүңдөн чыгып кетти го?
Биринчи аял: — Эмне, врач үйүмдөн чыгып кетсе эле ооруп аткан боломбу? Сенин да уйундон эрте менен бир депутат чыгып кетти го? Эмне, сенин үйүндө сессия болуп жатабы?

Предыдущая страница 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18Следующая страница

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!