Анекдот - кыргызча

Асыл Аялзат!

«Аиий…сонун. ..мүмкүнчүлүк болсо тез-тез келип турсан ээ….Быйыл көл сонун жылуу окшойт…Ииий…крем албай келген турбайынбы…кааап…Жанагы кыздар да сумкага бирдеме коюшпайт кошо талашып….Ииий…Жазгүлдүн окуусун такташ керек эле да…Азыр барып телефон чалайынчы…Апама (кайненеме) айтпай келе бердик…өзунөр кетип калдынар мен деле барат элем деп таарынат эми…Аркы жумада силердикине барабыз деди эле…бөлүк эт алып коюш керек эле да…Карыздарды чогултуш керек эле…Эми отпуска учурунда да кыйын…убагында беришпейт…аппееей…Жайнага карызымды бербей калган турбайынбы…Жаман көрүп атат го…Алган көйнөгүм да тар болуп калды….Эми кийип алып анан кайра бергенсип жаман көрөт да акчасын берип жиберейин барганда…Жайнага үй-жайды байкап тур деп айтып койсом болмок экен…үйдө ит…мышык…өрдөк-каз…эмне болуп атат болду экен..ысыкта…акактап…Курулуш материалдарын да жыйып койбой ошо бойдон калды эле…ордунда эле болсо экен…Бирөө жарым көтөрүп кетпесе болду…үйдөгү лампочкаларды өчүрүп, терезе пардаларды тартып чыгышты бекен балдар…карап, текшербей калган турбайынбы….Түнү менен кайтып барсак чалымдын кийимдерин даярдап коюшум керек да…тан эрте бакыртпай….Акчаны үнөмдө дейин жаман үй жайытын бир күндө түгөтөт болбой…үйгө тамак-аш алыш керек, светтин акчасын төлөш керек да…айдын аягы болуп калды….ииий…жаны бут кийим алсам болот эле..дегеле акча ашпады го…Балдардын да окуусу жакындап калды….”


Асыл Аялзат! ТЕМАГА кошумчаңыз болсо комментарийге улап жазыңыз…. 🙂

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!