Султан Садыралиев менен Мирбек Атабеков бир тойдо өлгүдөй мас болушуп, ит кылбагандын баарын кылышат экен. Эртеси “эл караган бетибизди жер караттык, эми кантип көчөгө чыгабыз?” дешет экен. Анан Мирбек:
– Эй, давай эртеңден баштап аялдын кийими менен чыгабыз. Аял болуп алсак экөөбүздү эч ким тааныбай калат.
– Оо, давай-давай!
Эртеси Слтан кыздын көйнөгүн кийип алып көчөгө чыга. Чыгып кетип баратса жол жээгинде семичке сатыпотурган аял Султанга:
– Кел Султан балам, семичке ал дейт экен.
Бул мени кайдан таанып алды деп таң каалган Султан эртеси олгүдөй боёнуп, парик кийип алып жанагы жерден дагы өтөт. Анда тиги аял:
– Ии Султан балам, кел семичке ал. ой деги мынча боёнгонсуң – дейт.
Жини келген Сукем:
– Эй, сен мени кантип таанып калып атасың? – деп сурайт.
Анда аял:
– Эй, Султан, бул мен Мирбекмин – дептир…
Пикир калтыруу