Анекдот - кыргызча

Кыргызча анекдоттор

Бир жаш жигит, үйүнө үч кызды мейманга чагырып. Акырыын апасына суроо берет:
— Апа, кандай деп ойлойсуз, мен ушул үч кыздын арасынан…, кайсы кызга үйлөнөм..?
Апасы:
— Экинчи, көк көйнөкчөн кыз!
Баласы:
— Кантип билдиң апа…?
— Кирип келгенде эле кишинин кыжырына тийип, «аллергияны» карматты. дейт имиш.

Коңшусу:
«Ой, Арыкбай, жүрү мончого түшүп келели» десе, беркиси:
«Ой, Баратбай, мен күзүндө эле түшүп алгам, өзүң бара бер» дейт.
«А, кышында кантесиң?» десе, топозуна айры менен саман ыргытып атып:
» Кыш деген төрт эле ай да» деп коет дейт))))

Бир куну ГАИшник кечке туруп акча таппай, кочодо бир эшек минген чалды токтот экенда айтат.
— Коош кайда шашып баратасыз аксакал?! Скорость ашырып дейт.
Анда аксакал айтат.
— Ай балам кайдан мингеним эшек болсо дейт.
ГАИшник жини келип.
— Сиз эшекти таяк менен урдунуз. Эми кечирим сураныз дейт.
— Ваай эшегим кечирип кой эми мени. Мен билбепмин сенин акен ГАИ де иштейт экенин, дептир..

Депутаттар шайлоо күнү жыйынтыгын аябай күтүп жатат дейт.
КТРКыны теше карап же алар эч нерсе айтпайт, бей мараал сармерден өз нугунда жүрүп атат дейт.)))
Бир маалда түнкү он эки болуп эфир бүтүм Кыргыз гимини ырдалып андан соң экран жабылып калат.
Жини келген талапкерлер ОРТга которсо ал жакта жаңылык болуп атат имиш.
КР ЖК депутаттык шайлоо болуптур бирок шайлоочулар жок экен деп. А шайлоочулар кайда кетиптир деп сурап жатат дейт жанындагысы.
Жарымы чет өлкөдө, жарымы биометриялык каттоодон өткөн эмес, калганы баары талапкер болуп алганынан шайлай тургандар жок болуп калыптыр деген экен.)))

Эки чалдын маегинен:
— Мен созгуш жылдарында учкуч болгом..
— Оо жакшы болгон экен..
— Эмнеси жакшы? Душмандын согуш майданында бир жолу атып тушурушкон..
— Жаман болгон экен..
— Эмнеси жаман? Парашютта секирип кеттим..
— Ааа жакшы болгон экен..
— Эмнеси жакшы? Парашютум ачылбай калды.
— Ээ жаман болгон экен..
— Эмнеси жаман? Бактым бар экен чумолой чопко тушуп аман калдым..
— Э жакшы болгон экенго?
— Эмнеси жакшы? Турсам жанымда немистер журуптур..
— Жаман болгон экен..
— Эмнеси жаман автоматым бар эле баарын кырып салдым..
— Ой жакшы болгон экен..
— Эмнеси жакшы? Озумо келип карасам баары озубуздун адамдар экен! ))))

Урматтуу МЧСтин кызматкерлери! СМС аркылуу менин аялыма жекшемби күнү ЦУМда жер титирөө болорун, ишемби күнү Дордой базарында сел жүрөөрүн кабарлап койо аласыздарбы?
Сиздерди эл үчүн кызмат кылат деген ишенич менен Балтабай.

Кайненеси келинине телефон чалып:

— Кандайсыңар? Балам кандай жүрөт?

— Кандай десем, балаңыз күнүгө ичет, иштебейт, достору менен карта ойнойт, арак ичет, анан эптеп чыр чыгарып мага кол көтөрөт…

— Ии, айланайын, деги оорубай жүрсө эле болду…

Кризис учуру… Ар бир тыйын, ар бир сом эсепте. Күйөөсү аялына:
-Алтыным, мен бүгүн жол киреден 10 сомду үнөмдөп калдым.

-Кантип?
-Машрутканын артынан жөө чуркап келдим.
-Ай-иий, аз го. Мага окшоп таксинин артынан чуркап келбейт белең, 100 сом үнөмдөп калат элең-дет имиш аялы)))

-Кечээ суйлошкон кызымдын ата-энеси менен тааныштым.

-Кандай болду?

-Мени оз баласындай эле кабыл алышты. Атасы керек болсо чыбык менен сабап, уйдон кууп чыкты, -деген экен бироо

Предыдущая страница 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18Следующая страница

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!