Анекдот - кыргызча

Кыргызча анекдоттор

столбанын арманы

мен столба болуп жаралганыма нааразымын…шаарда турганыма дагы. эмнеге дебейсинерби? эхх, айта берсе арман коп…
ооба,мен баарынан бийикмин,мен усту жактан кыбыр эткендин баарын коруп турам…эхх, кыймылсыз, анан тилсиз болгонум кандай гана окунучтуу…болбосо силерге коп нерсени айтып бермекмин.
мен негизи сым тартканга жаралганмын…бирок, акыркы жылдары турмушумда эмнелерди гана корбодум. кычыраган аязда да, куйкалаган аптапта да бир жерде какайып турганым турган….
кеч кирди -бутту, мен учун тозок башталат. кунуно жок дегенде эки жолу олорчо ичип бутуна тура албай темтендеген алкаш мени сузуп отот. сузгону аз келгенсип : -эй, сен не мени туртуп атасын, кач жолдон, азыр чон эненди же таятанды таанытып коем деп ашата сокконучу…(как будто мен токойдо жашаган кайрагач, сосна чон аталарымды, же жбидеги бетон тагаларымды такыр билбеген сымал). жанымда эч ким жок калган мезгилде эки жаш тубумо туруп алып кучакташып обушкондо, тим эле киреерге жер таппай калам…
мыногул шайлоо деген кампания башталганы менин турмушум, чынын айтсам абдан эле оорлоду…бетимден тамтык жок -листовкаларын чаптап салышат. бутум менен белиме эле эмес, мойнума чейин чапташчу болду. кунуно эки-уч ирет алмаштырышат, бироосунукун экинчиси жулуп салып. клей менен скотч деген балакеттерден аллергиям кармап, бут денемди жара басты…
адамдар байып, цветная полиграфия дегени онуккондон бери кочонун аркы бетинде турган кошунам экообуздун ортосуна сым байлап, чон суротторду илишчу болду баннерлеп. электр менен телефондун сымдарын керээлден кечке которуп турганыбыз аз келгенсип, эми бакыйган саясатчыларды, жомоктогудай создору менен кошо которчу болдук…
шамалдан белибиз ийилип онтолоп аран чыдайбыз…анысы аз келгенсип тез тез алмашып турганычы баннерлердин, то юс бийликтегилердин…кыргызстандагы шамал столбаларды кулата албаган менен бийликтегилерди тез-тез эле антарып тушчу болду. биз болсо илгери канча калын кар жааса да тура берчубуз, а бийликтегилер сыдырым соккон желге туруштук бере албай калды го. кандай болсо да биздин жашообуз кыйындап калды.. али алдыда дагы эмнелер кутуп турат, билбейм…шайлоо тезиреек бутуп кетсе жакшы болот эле, бирок адамдардан угуп калдым, мунусу бутсо дагы бир чон шайлоо болот имиш -ажолукка ат салышмай…теги аман калсак, столбалар баарыбыз чогулуп тулоо откозсок бейм…

тай акендин уйу

апенди бир жактан уйуно келсе.. Уйундо бир чоочун адам отурган болот. Апенди: сен кимсин деп сураса? Мен кудайдын жээни болом дейт экен! Апенди тигил адамды мечитке ээрчитип барып мына тай акендин уйу деп коёт экен.

Ата насыясы

Омуру откончо кыргыздар менен чогуу кыргыздардын жамандык, жакшылгына катышып жургон бир орус болуптур. Анын жалгыз баласы болгон экен, ал таенесинин колунда Россияда туруучу экен. Орус озунун олоорун билип баласын чакыртып акыркы керээзин айтат. — Ээ балам бул менден сага белек болсун, сага арнап жасадым эле деп курч жалтылдаган канжарды берип, мен омур бою ушул кыргыздар менен жашап оттум. Эртен менин соогумду орустарча узатаарсын, бирок менин карызымдан бул элдин алдында кутултуп кой. Базардан бир кой алып мечетке барып мусулман адамды таап койду сойдуруп, этин ал жердегилерге таратып жибер деп керээсин айтып коз жумат. Атасн тигил дуйного узатып койуп, эми айткан керээзин аткарайын деп базардан бир кой сатып алып, баягы канжарын которуп мечетке барат. Ошол маалда элдин баары намазда отурган болушат. Эшиктин жанына койду байлап койуп, мечетке кирет. Кирсе баары эле чоко тушуп отурган болот. Булардын кимиси мусулман болду экен деп отургандарга кайрылат,
— Кто мусулман? деп, эч ким унчукпайт, кто мусулман деп унун катуу чыгарат. Баары эле баланы карап турушат дагы эч кимиси унчукпайт. Дагы бир ирээт «есть мусулман тут» деп, ошондо бироосу мен деп туруп келет, — пошли, деп эшикке алып чыгып койду корсотот.Тигил жигит чоо- жайды тушунуп койду мууздайт. Кой тыбырчылап кан чачырап кетет дагы жигит дагы бироону чакырып келчи деп орусту жумшайт. Орус колундагы бычагы менен кийими кан болуп мечетке кирип барат дагы, — еше один мусулман надо дейт. Эч ким жооп бербейт, ангыча отургандардын бироосуно жакындай баштаганда тигил
— Я не мусулман, он мусулман деп имамды корсотот экен. Орус имамды коздой басса, имам чокунуп жатат дейт, я не мусулман я поп деп.

Адилеттүүлүк

Бир адам жаңгак дарактын түбүндө отуруп айланага көз салып жатып,
Кудайга нааразы болот экен.
жанын караса ашкабак өсүп жатат, кичинекей араң турган өсүмдүктө ошончолук чон ашкабак өсүп жатат дейт.
Жогору жагын караса ошончолук чоң даракта кичинекей жаңгак өсүп турат.
Кудайга буларды адилеттүү жараткан эмес деп нааразы болуп жаткан учурда башына бир жаңгак түшүп кетет.
Анда адам дагы ойлонот, ушул жаңгак эмес ашкабак болгондо өлдүм эле деп.
Ошондон бери Кудайдын адилеттүүлүгүнө ишенип жашап калыптыр.

Предыдущая страница 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18Следующая страница

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!