Анекдот - кыргызча

Кыргызча анекдоттор

Ресторанда:
– Официант, эмне үчүн вазадагы гүлдөр жасалма?
– Биздин ресторан вегетериандык болгондуктан, клиенттерибиз жандуу гүлдөрдү арактын артынан жыттап туруп, чайнап салышат кен…

Гаишник жол эрежесин бузган машинаны токтотот:
– Жол жээгиндеги “40” деген белгини көргөн жоксуңбу?
– Көрдүм.
– Анда эмнеге 100 сомго ылдам айдадың?

Эки чөнтөкчүнүн сөзүнөн:
– Биздин укугубуз көз көрүнөө тебеленип, өлкөдө башаламандык, мыйзамсыздык күчөп кетти.
– Анча эмне болду саа?
– Кечээ, троллейбуста көзайнекчен пенсионердин чөнтөгүнөн акчасын алып чыкканча, ал шумпай манжамдагы алтын шакекти сууруп кетиптир.

Айылдык короз шаарга келет. “Народный” дүкөнүнүн алдындагы көз кызарткан гриллдерди көрүп:
– Э това! Айылдагы тооктор кайда десе, шаарга келип стриптиз бийлешет турбайбы? – деген экен.

Адатынча концертке кечигип келген кыргыз орундукка көчүк басары менен жанындагыдан сурайт:
– Оркестр кайсы обонду… ырдап, жок… неметип атат?
– Чайковский… омей…Маяковскийдин бешинчи симфониясын.
– И-ий ата-а! Бешинчисине келсем, иттей кечигипмин ээ?!

– Соңку мезгилде чиновниктердин арасында мурут өстүрмөй модага айланыптыр.

– А эмнеге андай экен?

– Көрсө, ак үйдүн 7-кабатындагылардын өпчү жерин өпкөндө, шефтердин кытыгысы келип, абдан жагат экен.

Бир кишинин козуно периште корунот экен анан ал периштеден сурады:
— Э периште сен учун 100 жыл канча ?
— Бир минут.
Жанакы киши дагы сурады:
— 1 миллион сага канча акча?
Периште: 1 тыйын десе Анда мага 1 тыйын берчи десе
Азыр 1 минута кутуп тур дептир.

Бир жолу Апенди деңиз аркылуу Англияга барып калат. Порттон атка жеңил, тайга чак Апенди кеменин үстүнөн жерге арканды ыргытып, жердеги бирөөнө: — » Арканды байла!» -деп кыйкырат экен.
Анда жердеги англичанин байкуш кыргызчаны кайдан түшүнсүн, эки колун жайып, башын чайкайт. Апенди дагы кыйкырат.., дагы кыйкырат… Тиги байкуш түшүнбөйт. Тажаган Апенди узак жолдо кулагы чалып калган сөз менен тигиге кайрылат: — » Do you speak English?» («Сен англисче сүйлөй аласыңбы?» ) деп. Анда сүйүнүп кеткен тиги: «Yes, yes I can.» («Ооба, ооба сүйлөйм.» ) десе, Апенди: — » Анда эмне турасың жалдырап! Байла арканды!» дептир.

Университеттин студкеңешинин башчылыгына кимди койсок деп талаш жүрүп атканда, бир аксакал мугалим:
— «Эркек балдардан эле койгулачы. Кыздардан койсок, турмушка чыгып кетет экен, же тууп коюп, иш токтоп калат экен».
Анда бир мугалим эжей:
— Агай, «тууп» дебей маданияттуу түрдө эле «төрөп» дебейсизби! десе, агайы айтат дейт:
— «Мен миң маданияттуу болуп «төрөп» деп айтсам деле баарибир тууп коюп атышпайбы» — деген экен.

Предыдущая страница 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18Следующая страница

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!