Окуялар

Атасы менен баласынын сыры

Бир киши командировкага баратып 6 жашар уулуна дайындайт:
– Уулум, сен жигит болдуң, эми экөөбүздүн секретибиз болуш керек. Мен жокто бөлөк эркек үйгө келсе апаңдын ак тарагынын бирден тишин сындыра бер. Апаң билбесин.
Ошентип 10 күн өтүп командировкадан келет. Үйүнө кирип эле трюмонун үстүндөгү аялынын тарагын карайт.
Бардык тиши бүтүн экенин көрүп жаны жай алат.
Аялы дасторкон жайып, жаңылыктардан сүйлөшүп отурушат.
Аялы:
– Кыскасы ошол жаным, эч нерседен кыйналганыбыз жок. Бирок сенин ордуң аябай билинди да жаным. Аа баса, бир кызык окуя болбодубу, күндө эртең менен ак тарагымдын бир тиши сынып калган болот. Кечээги күнгө чейин жарымы жок. Анан куду ошондой тарак сатып албадымбы…

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!