Анекдот - кыргызча

Кыргызча анекдоттор

Студенттик ашканадагы меню:
1. Сөөгү жок шорпо — 5 сом.
2. Сөөгү бар шорпо — 10 сом.
Бир студент дердейип басып келип 10 сом таштайт да:
— «Сөөгү бар шорпо», — дейт.
Ашпозчу тарелкага кайнак суудан куюп, студентке сунат.
— «А, сөөк кана?» — студент таң калат.
Анда ашпозчу айтат дейт:
— «Күтө тур, бошосун»

Бир МАИде иштеген киши аябай капаланып досуна арманын айтып отурат дейт: — «Мен кунуго таң аткандан түн киргенче жаагым талыганча ышкырып атып таап келген акчаны, аялым бир эле ышкырып тартып алат»

Өлүм төшөгүндө жаткан чал кемпирине: — » Тур барып жакшына кийимдеринди кийинип келчи» дейт. Акыркы жолу мени жакшынакай көргүсү келген тура, — деп ойлогон кемпири татынакай жасанып келип абышкасынын жанына отурат. Көпкө отуруп зеригип чалынан сурайт: — » мени эмне минтип жасантып алып отурасыз» , — десе, чалы айтат дейт: -» жан алгыч келсе, жакшынараак экен деп сени алып кетеби деген ой да»…

Көзү көгөрүп жумушка келген келинден курбусу сурайт:
— Көзүңдү ким көгөрттө соккон?
— Күйөөм
— Омей, күйөөң командировкага кетпеди беле!?.
— Мен да ошентип ойлогом.

Милиция кызматкери жээк бойлоп келатса, сууда агып бараткан уйдун жампасы кыйкырат:
– Саломалейкум, кесиптеш!
– Оозуңа карап сүйлө, мен сага кайдан кесиптеш экем?!
– Кесиптеш элесиң! Анткени, сен да, мен да ички органдан болобуз да!..

– Менин ташбакамды көрдүңбү?
– Көрдүм, аның менен короодогу балдар жаңгак чагып атышат ко.

Предыдущая страница 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18Следующая страница

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!