Атасы:
— Балам… Үйлөнгөндөн кийин чыныгы бакыттын эмне экенин түшүнөсүн…
— Кандай?
— Бирок ал маалда аябай кеч болот.
— Ким экениңди айтсаң, мен сага досуң ким экенин айтам.
— Мен миллиардермин.
— Сенин досуң — менмин…
Урматтуу студенттер!
Силерден сураныч, университетке айдап келген машинеңерди бираз бирбирине жакын койгула, мугалимдердин велосипеддери батпай жатат экен…
-Деканат-
Аялы:
— Мен сага мындан кийин үйгө ичип келбе, деген эмес белем?
Күйөөсү:
— Мен ичип келген жокмунннн…
— Анда бул эмне абал?
— Мен келген жокмун, досторум алып келип коюшту…
Мектеп директору такси менен үйүнө барды. Таксистке 60 сом берип жатат. Таксист:
— Кечээ, кызыңызды алып келдим эле, ал мага 120 сом берген болчу. Сиз эмнеге 60 эле сом берип жатасыз? — деди, нааразы абалда.
— Ал кыздын атасы директор, билесин. Менин атам болсо дыйкан… Мен албетте ал төлөгөн акчаны төлөй албайм да, — деди директор…
Уктуңбу, Таалай больницада жатат экен…
— Койчу, эй, мен аны кечээ эле көрдүм го… Бир сулуу кыз менен басып жүрдү эле…
— Ошол сулуу кыз менен басып жүргөнүн аялы да көрүптүр да…
