Анекдот - кыргызча

Кыргызча анекдоттор

Доктордон сурашат:
— Кайсы оору эң жакшы?
— Менимче склероз.
— Эмнеге антип ойлойсуз?
— Неге дегенде… Эч жериңиз оорубайт. Кала берсе күндө жаңылык угуп турасыз..

Аялы күйөөсүнө:
— Сен менин туугандарымды жакшы көрбөйсүң, — деп жатат.
— Жок, мен сенин туугандарыңды аябай жакшы көрөм, сыйлайм. Мына, мисалы, сенин кайненеңди өзүмдүн кайненемден миң эсе көбүрөөк жакшы көрөм…

Студент ашканада мугалиминин жанына келип отурду. Мугалими аны тоготкусу келбей:
— Чочко менен илекилек бир жерде тамактанбайт, — деди. Анда студент ордунан туруп:
— Макул, анда мен учуп кетейин, — деп жооп берди…

Сынак учурунда бардык студенттер суроолорго жооп берип чыгып кетишти. Акыркы калган студент анчалык жакшы окубайт болчу. Мугалими аны билип:
— Сага сабак боюнча суроо берсем баарыбир таба албайсын. Кел, сага башка суроо берем. Ушул класста канча лампочка бар? — деп суроо берди. Студент ойлонуп отурганда шыпка карап лампочкаларды санап койгон экен. Дароо жооп берди:
— 8 лампочка бар, агай.
— Туура эмес, 9 лампочка бар, бирөө менин чонтөгүмдө болчу, — деп агайы өзүнүн чөнтөгүнөн бир лампочка чыгарып көрсөттү жана студент ошол сабактан калып калды.
Бир жылдан кийин дагы ушул сабактан, ушул класста сынак болуп жатат. Мугалими баягы студентти таанып:
— Сага дагы эле ошол суроо: класста канча лампочка бар? — деди. Студент болсо:
— 9 лампоча бар, — деп жооп берсе, агайы:
— Дагы туура эмес, бүгүн менин чөнтөгүмдө лампочка жок, — деп чөнтөгүн көрсөттү. Анда студент:
— А меникинде бар лампочка, — деп жооп берип сынактан өтүп кетти.

Предыдущая страница 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39Следующая страница

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!