Анекдот - кыргызча

Кыргызча анекдоттор

Кичинекей кыз апасына:
— Апа, мен кантип пайда болгом?
— Сени, кызым, каркыра алып келген бизге.
Аңгыча эшиктин коңгуроосу кагылып калат. Кызы чуркап барып ачса, атасы мас турат.
Анда кызы:
— Апа, апа, каркыра мас болуп келиптир..

Мас адам көчөдө басып келе жатып, кокусунан тайып жыгылат. Туруп жатып, көчүгүн сыйпалап. — Тобо-о! Экиге бөлүнүп калганбы?

Бир күнү Кожо Насреддиндин аялы оо дүйнө салат. Бир ай өткөн соң бир жесирге үйлөнөт. Үйлөнгөн аялы мурунку күйөөсү жөнүндө тынбай кечке айта берет. Бир күнү дагы төшөктө жатып «күйөөм мындай болчу, тигиндей болчу, минтчү, тигинтчү…» деп айтып жатса эле Кожо Насреддин жинденип бир тээп аялын төшөктөн ары түшүрүп салат.
Аялы:
-Ай кудай, эмне болду? Эмне мени түшүрүп салдың?
-Төшөктө сен, мен анан сенин мурунку күйөөң үчөөбүз жаткандан батышпай кетпедикпи. Анан сен түшүп калдың да

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39Следующая страница

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!