Аралаш темада

Ата – эненин кадыры

《АТА-ЭНЕ КАДЫРЫ》 Авторлору: ELmuSS & Aikapella.

Эрте менен туруп саатты карасам ондон өтүп калган
экен. Кечээ түнү бою достор менен көчө таптап
жүргөндүктөн уктап калган экенмин. Бети-колумду
жууп, тамактанганы аш канага кирдим. Апам үй
жумуштары менен алек болуп жаткан экен. Эми эле
тамактанайын деп жатканда дос балдар келип
чакырып калышты. Аларга чыгып, кечээ түнү болгон
окуяларды сүйлөшүп туруп калдык. Сүйлөшүп тура
берип саат он экиден өтүп калганын байкабай
калыптырмын. Дос балдар кетишти, а мен үйгө
кирдим. Атам да ошол маалда жумушунан келип
калды. Көптөн бери түшкү тамакты бирге тамактана
элек экенбиз. Атам апам болуп көпкө сүйлөшүп
олтурдук, бир кезде эле кандайдыр бир темадан уруша
кеттик. Атам менен апам да абдан кыйкырып урушуп
жатышты. Күнөө менден кеткен эле. Мен да кыйкырып
урушуп чыгып кеттим үйдөн. Жолдо бара жатып, ар
түркүн ойлорго көмүлүп жаттым. Ата-энеме катуу сөз
айтып салып, негедир жан дүйнөм уйгу-туйгу. Ойлонуп
бара жатсам, жолдун боюнда бир киши отурган экен.
Мени чакырып калды. Ал кишини карасам: жүдөө
көрүнгөн, келбети бир аз жаш көрүнгөнү менен
турмуштун кыйынчылыгы кыйла түйшөлткөнү
байкалып турду. Мени карап бир саамга үн катпай
туруп калды. Менимче байкап калган окшойт, капалуу
экенимди. Аны-муну сурап:
-Ээй бала! Эмнеге капалуусуң? Маанайың да жок экен?
– деп сурап калды. Арманың болсо айтып-айтып ал
дегендей кылып. Буулугуп турган жаным болгондун
баарысын айтып бердим. Ар бир сөзүмдү кунт коюп
угуп жатты. Анан өзү кеп баштады:
-Эх жаш кез! – деп башыны чайкап калды.
-Эмне болду байке? – деп сөз узаттым.
-“Бир кезде мен дагы жаш бала элем, сендей болуп” –
деп капалуу сүйлөп жатты.
-Жаз мезгили аяктап калган кез эле, ата-энеме тил
албай көп ээн баштык кылчу элем. Ата-энем
байкуштар, мени деп жүрүшсө, менин кылган ишим
ошол болгон экен. Күнү-түнү көчө тентип, ата-энемден
акча сурап кандай гана кыйынчылыкка салыптырмын –
деп көздөн жаштарын агызып жатты. Менимче, өткөн
кезин эстеп жатса керек деп ойлодум. Кайра сөзүн
улап баштады:
-Ата-энем мени эч бир баладан кем кылбай чоңойткон
экен, жаш болгондуктанбы сезбептирмин. Атамдар
мени жогорку окуу жайга окутууну чечишти, билимдүү
болуп, бул турмушта өз ордуну кыйналбай таап алсын
деген максатта мени шаарга окууга жөнөтүштү. Бээ баш
болсом кайдагы билим менде? Шаарга барып жүрүп,
окубай эле жаман балдарга кошулуп кеттим.
Адамдарды тоноп, акчаларыны алып, уруп тепкилеп,
өз жаныбызды өзүбүз багып, айылга да барбай койдум.
Ата энем аябай тынчсызданып жаткан экен. Апам
байкуш мени ойлой берип, аябай катуу ооруп калган
экен. Мен аларды билбей оюн-күлкүгө азгырылып жүрө
бериптирмин. Арадан күндөр, айлар өтүп бир кыз
менен таанышып калдым. Ал кызга минтип
жүргөнүмдү билгизбей жүрсөм, ал кыз өзү менден
айырмасы жок жүргөн кыз экен. Ал мени алдап, мени
тузагына илинтирүү максатында буюм катары
колдонуптур, мен аны сүйүп жүрө бериптирмин. А мен
ар кандай жаман жолдор менен жүрүп бир аз тыйын
тапчу элем. Ата-энемди болсо унутуп койдум. Бир аз
убакыт өткөн соң ал кызга үйлөнүүнү сунуштадым, жок
демек беле эч кандай каршылыгы жок макул болду. Ал
экөөбүз өз алдыбызча баш кошуп алдык. Бири-бирине
окшогон күндөр өтө берди. Ошентип бир күнү шаарда
жүрсөм айылдаш бирөө жолугуп калды да албууттана;
-Эмне кылып жүрөсүң? Тирүүсүңбү сен деги? – деп
жемелеп жатты.
-Эмне болду? Жүрөм го тирүү эле! – деп корс мамиле
жасап жибердим.
-Ата-энен айылда сени күтүп, карааныңы бир көрүүгө
зар болуп, какшап жүрүшөт го! – деп зээни кейип
сүйлөдү. Макул менин иштерим бар эле! деп жаман
көзү менен жеп жиберчүдөй бир карады да, кол
шилтеп кетип калды.
Туура да ким эле жакшы көрсүн? Мына ошондо:
-Кантип барам эми айылга? Кайсыл бетим менен
ушунча жылдан соң барам? Эмне деген адам болдум? –
деп кеч болгондо ата энемди ойлоп жаттым. Жерди
карап туруп эле калдым. Оюма эмнелер гана келбеди
ошол убакта.
Үйгө барып эле Зинага (аялым):
Ата-энеме барыш керек эле айылга десем, аялым
мыйыгынан күлө карап
– Айылга барасыңбы? – деди.
-Негедир кызыкча болуп кеттим, экөөбүз чогу барабыз
десем:
“Өзүң бара берчи, ооруп жатам деп болбогон
шылтоолорду айта баштады. Айыгасың күтө турайын
десем болбой жөнөтүп жиберди, араң эле турган экен.
Барам-барам деп жүрүп бир топ күндөр өтүп кетти.
Акыры бир күнү чыгынып айылга сапар алдым. Айылга
бара жатып ата-энемди элестеп, эстеп бара жаттым.
Айыл абдан өзгөрүп калган экен. Ал жактагы адамдар
мени бир башкача карап жатышты. Кызыкча болуп,
үйгө кирип барсам атам байкуш ооруп төшөктө жаткан
экен. Тууган-ууруктар чогулушуп олтурушуптур жанында.
Баарынын жүзүндө жамандык алааматыны билдирип
тургандай бир коркунуч бар. Эч кимиси мени кабыл
кылышкан жок, баарысы жек көрүү менен гана карап
турушту. Атам оор абалда жаткан экен. Эмне
кылаарымды билбей, бутуна жыгылып ыйлап
жибердим. Эмнегедир апам көрүнбөй калды. Кимден
сурашты билбейм, башым маң. Көрсө апам байкушум
менин айымдан, мени күтүп, зарыгып жүрүп кайтыш
болуптур. Апамдын кайтыш болгонуна жарым жылдан
ашып калган экен. Мына ошондо менин жүрөгүм
токтоп-токтоп калчуудай согуп жатты. Баары менин
күнөөм болду, мен адам болгонумда мындай болбоор
эле! Баары менин жүзүмө карап наалат айтып
жатышкандай болду. Ошол убакта эле милиция
кызматкерлери келип мени алып кетишти. Эч нерсеге
түшүнө албай калдым. Атамдан кечирим сурап калганга
да убакыт болбоду. Темир тордун артына алып барып
камап койду. Эмне болгонун билбей туруп калдым.
Жаным жай албай кайра-кайра сурап жаттым. Көрсө
Зина уюштуруптур баарыны. Аялымдын көчө балдары
менен байланышы бар экен. Мени айылга
кетирүүсүнүн дагы чоң себеби ошол тура. Алар чоң
суммадагы акчаны уурдашып, күнөөнүн баарыны мага
оодарышыптыр. Өздөрү болсо мени түрмөгө салып,
чет жака качып кетишиптир. Милициялар үйдөгү
кийимимден ошол уурдалган көп суммадагы акча
менен баңги затын таап алышыптыр. Мына эми
жашоом тунгуюкка айланды. Мени он жылга эркимден
ажыратышты. Түрмөдө абалым иттей эле болуп жатты,
ур-тепкиге алышып, мага күн көрсөтпөй аябай эзишти,
кыйналып кеттим. Төрт дубалдын ичинде күнү-өүнү
ойлоноор элем. Мунун баарына ата-энемдин тилин
албагандыгым, ээн баштыгым себепкер болду. Ойлор
курчап алган, төрт тарабымдан тең. Бул жашоодо
жашагым келбей, мендейлерге жашоо жок деп өзүмдү-
өзүм жемелей бердим. Түрмөдө кор эле болдум, сызда
жатып суук өтүп, оорулуу да болуп калдым. Арадан
жылдар өтүп эркиндикке чыктым. Чыгаарым менен
эле айылга бардым, атам мени алып кетишкенден
кийин эки-үч күн жатып, каза болуп калган экен. Эмне
кылаарымды билбей, айылга да батпадым. Үйдү болсо
атам каза болоорунун алдында жакын тууганыбызга
тапшырыптыр. Мен аны алып койгонум менен элдин
көзүнө кантип жашамак элем? Ата-энем нааразы
болуп кетишти мага, жаткан жерине барып куран окуп,
жерди кучактап алып сыздап-сыздап ыйлап жаттым.
Кайра шаарга келип иштейин десем ишке албайт же
иштей албайм, мына эми минтип селсаяк болуп
калдым. Башында жакшы адам болгонумда ата-энемди
сыйлап, ыраазы кылсам мындай болбоор эле!
-Атааа! Апааа! Мени кечиргиле! – деп нөшөрлөп сыздап
ыйлап жатты. Менин да оюма ар түркүн ойлор келип,
ата-энем көз алдыма элестеп жатты, кайгыра
баштадым.
-“Ата энеңди капа кылба сыйла, мен көзү тирүүсүндө
сыйламак мында турсун жакшы иш да кыла албадым,
бир жылуу сөз айтпадым, бир нан көтөрүп келип
бакпадым. Кайран гана атам, кайран гана апам!” – деп
ордунан араң туруп ары карай басып кетти. Көпкө
ойлонуп олтурдум. Мен да ордумдан тура калып, үйдү
көздөй жөнөдүм, ич-ичимден кайгырып үйгө бара
жаттым. Үйгө барып эле атам менен апамдын
буттарына жыгылып:
– Кечирип коюңуздарчы мени! Атаке! Апаке! – деп
ыйлап кечирим сурап жаттым. Атам менен апам менин
тизе бүгүп чөгөлөгөнүмдү көрүп чочуп кетишти. Негизи
ата-энем аябай жакшы адамдар, ошол күндөн тарта
жаман кылыктарымды таштадым. Ата-энем менен
бактылуумун, ата-энем менен адаммын, ата-энемден
бир өмүр карызмын. Бул дүйнөдө ата-энеге
теңдештиргис адам жок. Баарыбыз ата энелерибизди
сыйлайлы, кадырын билейли, бизге канчалык
мээримин төксө ошончо же болбосо андан да ашык
мээрим төгөлү. Ата-энелерибиз аман болсун! Ар дайым
маңдайыбызга бар болушсун, өмүрлөрү узун болушсун!
Пайгамбарыбыз (САВ) айтат: “Кимде ким ата-энесини
ыраазы кылбаса, бейишке эч качан кирбейт” – деп. Биз
издеп, самап жүргөн бейиштин ачкычы ата-
энелерибиздин ыраазычылыгында. Ата-энелерибизди
ыраазы кылып, көзү барда сыйлап, баталарын алганга
жетишели. Ушул чыгарманы окуп жаткан болсоңуздар
азыр чуркап барып: “Ата, апа мен сиздерди жакшы
көрөм” – деп бир ооз сөз менен жүрөгүнү жылытып,
ыраазычылыгыны алып коюңуздар! Анткени өмүр өтө
кыска.

Авторлору: ELmuSS&Aikapella.

Кем кылбастан, каалаганын алып берип,
Мээрим төгүп, бой жеткенче эркелетип.
Ак сүтүн берип бизди өстүргөн,
Андай жанды таппайсың го дүйнө кезип…

Ыйлап жатсаң түн уйкусун бөлүп бизге,
Көтөрүп колдорунда, эртегече.
Нечен түндү уйкусуз өткөрүшүп,
Ата-энең жол берет го келечекке…

Капа болбо, бир аз тилдеп жемелесе,
Жазылат, жини тарап тезден эле.
Сөз кайтарба, ал сени баккан энең,
Кагып силкүү, таштап кетүү жаман нерсе….

Авторлору: ★☆ELmuSS&Aikapella.

https://ok.ru/group/55224080400500

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!