Ташмат Акматка:
-Акмат, ушу Ак үйдү боз үйдөн эле куруп, күндө ордун которуп, көчүрүп туруш керек экен деп ойлоп калдым.
-Эмнеге?
-Элестет, сен түнү менен митингге даярданып эрте менен келсең эле Ак үй жок! Сен издеп тапкыча күн кечтейт. Тиги 120 бекерпоз да үй чечип, кайра тигип иштеп турмак.
Кыргызстан өнүгүп, эми маданияттуу митингдер өтө баштады. «Ала-Тоо» аянтында чогулган эл:
– Кетиңиздер! Кетиңиздер! Суранабыз, байкелер,министрлер?!
Аңгыча милиция кызматкерлери келип:
– Урматтуу митингчилер! Кичипейилдикке, сыпайы мамил
е жасап кетип калыңыздар! Болбосо күч колдонууга аргасыз болобуз. Колдоно берелиби?
– Макул…
Анда милиция кызматкерлери митингчилерди 3 жолу уруп:
– Ооруган жокпу?
– Ооруп жатат.
– Келгиле анда, мени тээп алгыла.
Айыл тургуну короодогу корозу карып калган соң “тоокканадагы тоокторума сюрприз кылайын” деп базардан бала короз сатып келет. Жаңыдан короого кирген бала короз тоокторду эсептей баштайт. Бир маалда бурчта отурган карыган короз тигиге:-Ай, б
алам, бери карачы.Бул он тоокту алгың келеби? Эгерде алгың келсе, анда мени чоң тамды он жолу айланып кубалайсың. Эгер жетсең анда тооктор сеники, жетпесең кечирип кой,-дейт. Бала короз макул болуп, экөө эшикке чыгып кубалашат.Бир убакта үйдүн ээси “кайдагы ызы-чуу?” деп эшикке чыкса, короздору кубалашып жүрүшөт. Мылтыгын ала чыккан кожоюн:-Энеңди, ушуну менен он короз сатып келдим, мунусу да “голубой” болуп калды,-деп бала корозду атып салыптыр.
-Мен ырдасам эле балконду карап жөнөйсүң. Эмне менин ырдаганым сага жакпайбы?-деп тултуңдап аялы таарынгансыйт.
Анда күйөөсү:
-Жагат,жаным. Эми-и-и, кошуналар мени аялын сабап жаткан экен деп туура эмес түшүнүп албасын деп жатпаймбы.
Ташмат мырзанын үйүндө телефон шыңгырап калат. Ташмат мырза бойго жеткен үч чолпондой кыздын атасы. Ал телефондун туткасын көтөрүп жооп бере электе эле жигиттин үнү чыгат:
-Бул сенсиңби, кептерим?
-Жок-дейт анда Ташмат мырза,-бул ошол кептеркананын ээси.
