МАИ кызматкери катуу ылдамдыкта келе жаткан машинени токтотуп:
-Каяка шашып баратабыз?!
-Сизге 500 сом жеткирип бере калайын деп.
МАИ кызматкери жолдо бир машинаны токтотуп калат.
Айдоочу басып келип, саламдашып МАИге:
— “Балдарыбыз” кандай жүрѳт? Эч нерсеси кем эмеспи?
МАИ кызматкери:
— Кандайча “балдарыбыз”?
— Эми чогуу багып жатпайбызбы, анан “балдарыбыз” болот да-дептир айдоочу жаны кашайып.
Бернард Шоуга бир бейтааныш жигит кайрылыптыр:
— Атактуу юморист жазуучун дал өзү турбайсызбы! Сиздин атаңыздын тикмечи болгону чынбы?
— Чын, — дейт Шоу.
— Анда сиз эмне үчүн тикмечи болбой калдыңыз?
— Аны айтыш кыйын… тукум куубаган учурлар деле болот тура… Мына сиздин атаңыз сыпайы мырза болушу керек.
— Албетте.
— Бирок сиз деле атаңызды тартпай калыпсыз да…
— Кызык экенсин, тапкан кишиге эшегиңди берсең — аны издеп эмне кыласың? — дейт бирөө.
— Өзүң кызык экенсиң! — дептир Апенди. — Жоголгону — белекке кетсе, табылганы өзүмө калат да.
Апенди базарлап жүрүп, эшегин жоготуп жиберет. Анан элге жар салат: Кимде-ким эшегимди таап берсе — жоголгон эшекти ээр-токуму, ңокто-жүгөнү менен ошо кишиге берем.
Француз комедиографы Ашардан достору сурашат:
— Аялды кантип катуу жазаласа болот?
— Шляпасы көп, бирок күзгүсү жок бөлмөгө камап коюп… — деп жооп бериптир атактуу куудул.
Апенди шашкалактап жүрүп кетмендин мизин басып алат. Сабы чабылып келип Апендинин чекесине бир тийет. Жаны ачынган Апенди кетменге кыйкырыптыр дейт:
— Ушундайыңан көчүгүңө жыгач тыгып койгон турбайбы!