Анекдот - кыргызча

Кыргызча анекдоттор

Ташмат үйүнө келсе Токтокан жок. 2 сааттан кийин келген Токтоканга Ташмат:
-Каякта жүрдүң?
-Сулуулук салонуна бардым.
-Эмне анан сага кезек жетпей калдыбы?

Бишкектен Лондонго түндө учуп бараткан учакта учкуч жүргүнчүлөргө чыгып:
-Учактын үчүнчү мотору бузулуп калды, азыр эки мотор иштеп атап,
Лондонго эки саат кечигүү менен барабыз-, деп кабинага кирип кетет.
Жарым сааттан кийин учкуч кайра чы
гып:
-Учактын экинчи мотору да бузулуп калды, азыр бир эле мотор иштеп атат. Лондонго дагы бир саат кечигүү менен барабыз-, деп кабинага кирейин деп атса, арттан бирөө кыйкырып:
— Эмне, эгер үчүнчү мотор да бузулуп калса, анда тан аткыча олтура беребизби? -дептир.

Бардык нерсеге кулагын түрүп кызыга берген бир жигит жолдо кетип баратып, элдердин топтолушуп турганын көрөт да, ал жерде эмне болуп жатканына кызыгып калат. Аңгыча «бирөө өлүптүр» деп угат. Жанталашса да өз көзү менен көрө албай койот. Айласы кеткенде «ары болгула, өлгөн адам менин атам» деп ийет. Адамдар баары таң калып карап калышат. Жигит жүткүнүп барып эле караса эшек жатыптыр.

Түндө күйөөсү үйгө келбей калат. «Каякта жүрөсүң?!» деп буркан-шаркан түшкөн аялына, «мени деген бүркүт деп коёт, каякка учам, каякка коном, өзүм билем» деп кыйынсынат. Эртеси «мына эмесе!» деп туруп, аялы келбей коёт. Анда күйөөсүнүн «каякта жүрөсүң?!» деп ызырынганына, «мени деген чычкан деп коёт. Мени кайсы бүркүт качан, кайсы убакта кое берсе, ошондо келем» дептир.

Орус менен кыргыз сүйлөшө кетип, орус мактанып калат:
-Бизде жакында казуу иштери учурунда XVIII кылымга таандык коммуникациялык зымдар табылды. Бул деген бизде ошол учурда эле телефондун жана башка байланыш түрлөрүнүн болгонунан кабар берет.
Анда кыргыз камырабай туруп:
-А, бизде эч нерсе табылган эмес. Анткени, билесиңби, биздин бабаларыбыз тээ мурун эле WI-FI колдонушкан.

Предыдущая страница 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39Следующая страница

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!