Анекдот - кыргызча

Кыргызча анекдоттор

Фейсбуктан башы чыкпаган Ташмат айлыгын алганы келсе, жарымын беришпейт. Таң калып:
-Ай, айлыгымын жарымы кана?
Анда шефи камырабай:
-Жарымын Марк Цукербергден сура.(Фейсбуктун создатели Марк Цукерберг)

Кыргызстанда көчөнү аябай тазалап, шыпырып жатышканын көргөн Ташмат Акматка:
-Акмат, эмне чет өлкөдөн бирөө келет бекен? Тазаланып калышыптыр…

Германияда жерде жаткан тамекинин калдыгын көргөн немис:
-Ай, бул эмне деген шумдук?! Кимдин ушинтип жерге таштаганга колу барды?

Чачтарачта кардар:
-Бу, сиздин итиңиз эмне эле мени суктанып карап жатат?
Чачтарач:
-Аа, кээ-кээде жерге кулак түшүп калган учурлар болуп калат. Сыягы даамдуу болсо керек. Ушинтип сагалайт да турат.

Турциядан келген меймандар Сакебизден сурайт дейт:

– Силерди ушуга чейин бозүйдө жашаган калк деп айтышчу эле. Бирок заңгыраган кабат үйлөрдү кантип кургансыңар? Силерди канча көчмөн эл деген менен шаарыңар укмуш экен го, татынакай театр, музейиңер турат, – десе Сакебиз:

– Бул шаарды биз курган эмеспиз. Жалаң орустардын мойнуна минип, ошолорго курдурганбыз, – дейт.

– Азыр алардын көпчүлүгү кетип атса, эми кимге курдурасыңар? – десе, Сакебиз:

– Эми түрктүн мойнуна минбей жаныбыз жокпу, – дептир.

-Доктор, сабиз жесе көздүн курчу калыбына келет деген чынбы?
-Албетте, мисалы сиз качандыр бир көз айнекчен коён көргөн учуруңуз болду беле?

Предыдущая страница 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39Следующая страница

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!