Бир барда америкалык, англиялык жана ирактык уч адам арак ичип отурушат.
Америкалык бир кружка аракты ичкенден кийин кружканы асманга ыргытып тапанча менен атып салат. Кружканын сыныктары жерге тушкондон кийин:
– Биздин Америкада кружкалар коп болгондуктан биз бир кружка менен эки жолу арак ичпейбиз, – дейт.
Англиялык да бир стакан арак ичип стаканын асманга ыргытып тапанчасы менен атат. Стакан сынып сыныктары жерге тушкондон кийин:
– Бизде стакан жасай турган кум коп болгондуктан биз бир стаканда экинчи жолу арак ичпейбиз, – дейт.
Ирактык да пиаладагы арагын ичет. Пиаласын асманга ыргытып, тапанчасын чыгарып англиялык менен америкалыкты атып олтурот да:
– Бизде англиялык менен америкалыктар коп болгондуктан биз бир адам менен экинчи жолу арак ичпейбиз, – деген экеееен.
Пикир калтыруу