Анекдот - кыргызча

Кыргызча анекдоттор

Сократтан бир жигит кеңеш сураптыр:
— Акылман Сократ, кандай дейсиз, үйлөнсөмбү, же үйлөнбөй эле койсомбу?
— Кайсынысын жасасаң деле — баарыбир өкүнөсүң, — дептир акылман.

Витторио Де Сика айтчу экен:
«Аялдардын фантазиясына чек жок, жок нерседен салат жасап, жок нерседен шляпа токуп, жок нерседен… жаңжал чыгарышат».

Түн ичинде Апендинин үйүнө ууру кириптир. Алар колуна тийген көр-жерди алып качып баратышса, Апенди да жууркан-төшөгүн көтөрүп, артынан жөнөп калбайбы.
— Ээй! Сен каякка?! — деп кыйкырышат уурулар.
Анда Апенди:
— Көчүп баратпайбызбы? — деп коёт имиш.

Бир еврей машинесин токтотуп коюш үчүн жер издеп жатат…. Өчөшкөндөй ошол күнү машине коё турган бош жер жок… Еврей кудайдан сурады:
-Эй кудай, азыр менин машинемди токтотуп коюш үчүн бир жер таап берсен, сен үчүн күнү-түнү ибадат кылам, жалгыз сен үчүн орозо кармайм, сенин ыйык кылган мөмөлөрүңдөн гана жейм…
Ошол маалда бир машине ордунан жылып жай бошоп калды… Анда еврей:
— Кудайым, сен убара болбой эле кой, мен өзүм таап алдым, — дейт имиш…

Ата программист баласы менен машинеде кетип баратса машине бузулуп калыптыр… Атасы баласына:
— Эмне кылыш керек, — деп сурап көрүптүр. Анда программист:
— Машинеден чыгып кайра кирип көрүш керек…

— Банкоматты бузуп акча алуу үчүн хаккер кайсы иштерди аткарат?
— Колуна балта менен ноутбукту алып банкоматка келет, банкоматты балта менен бузуп акчаларды алат…
— Балта менен урса… Ноутбуктун эмне кереги бар?
— Ноутбогу жок хаккер хаккер болмок беле?

Предыдущая страница 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39Следующая страница

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!