Аралаш темада

Майрамдын алдында жаш жигит

Майрамдын алдында жаш жигит
үйүнө шашып келе жатты. Көңүлү
жайында эле. Себеби эртеси – майрам күнү, үй-
бүлөсү менен эс алып, көптөн бери баралбай
жүргөн ата-энесиникине да барып келишмек.
Жолду катар өз ою менен алек болуп баратып,
алдыда, жолдун четинде ойноп жаткан
балдарды байкабады. Бир убакта алардын бири
жолго чуркап чыга калды. Машинаны токтотууга
үлгүргөнү менен, баланы катуу урганын сезди.
Ошол замат сыртка октой атып чыкты.
Шаардын чет жагы болгондуктан, тез жардам
чакырып, аны күтүп отургусу келбеди да,
баланы машинасына салып оорукананы көздөй
шашып жөнөдү. Ооруканадан аны реанимация
бөлүмүнө алып кирип кетишти. Бирок
дарыгерлердин бири балага тез арада
операция кылуу керектигин, ал үчүн башкы
дарыгерге жолугуп сүйлөшүү керектигин айтты.
Жигит ошол замат башкы дарыгердин
кабинетине барып, тез арада операция
кылуусун өтүнүп, жалынып-жалбарды. Бирок
дарыгер шашпады, кагазга чиймелеп сандарды
жазып жылдырды да: – Ушул сумманы алып
келсең, баланы аман алып калабыз. Болбосо,
мында операцияга кезек күткөндөр көп, – деп
отургучуна чалкалай отура кетти. – Мейли,
канча болсо да таап келем, болгону баланы
сактап калыңызчы, тез арада бир нерсе
кылыңызчы! .. Мен бул сумманы сөзсүз таап
келем, суранам, баланын өмүрүн сактап
калыңызчы?! – деп жигит чуркаган бойдон
чыгып кетти. Ошентип, бир нече сааттан кийин
башкы дарыгердин кабинетине жетип келип
айтылган акчаны сунду. Бул убакка чейин
дарыгер басып барып баланын абалын көрүп да
койгон эмес эле. Дарыгер акчаны чөнтөгүнө
салып жатып: – Мына, эми башка иш. Эми
барып оорулууну көрөлү, – деди да, реанимация
бөлүмүнө жөнөдү. Ал жерде медайымдар башкы
дарыгерди күтүп, баланын өмүрүн сактап калуу
үчүн болгон аракеттерин жасап жатышкан эле.
Реанимация бөлүмүнө кирип барган башкы
дарыгер турган жеринде селейип катып калды.
Жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй болуп түрс-
түрс согуп жатты. Көз алдынан алгачкы
жумушка киргенден тартып акыркы мүнөттөргө
чейинки өмүрү сызылып өткөндөй болду. Канча
жолу минтип бейтаптарын күттүрүп, канча жолу
оор абалдагы адамдардын алсыздыгынан
пайдаланып акча алды эле… Эми минтип…
ошол мүнөт ага жылдарга созулуп кеткенсиди.
Ошол мүнөттө бүт чачы агарып кеткенсиди…
Себеби реанимацияда ажал менен кармашып,
өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүн жашап жаткан
анын жалгыз уулу эле. Ошол учурда баласын
аман алып калуу үчүн баарын берүүгө даяр
эле… бирок, аттиң, баары кеч болуп калган…
өтө кеч болуп калган эле…

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!