Анекдот - кыргызча

Кыргызча анекдоттор

меню жей берейинчи

Шаардык бала менен айылдык кыз кафеге кирип калышат экен.
Бала официантканы чакырып:
— меню берип коюңузчу, деп айтып
анан кызга:
— сен эмне жейсиң? десе
кыз:
— мен деле меню жей берейинчи, дептир.

Оюбуз бир

Жигит менен кыз сейилдеп жүрүп, көпкө унчукпай калышыптыр. Бир убакта, кыз жигитине:

— Эмнени ойлонуп жатасың? -десе, жигит:
— Сен ойлоп жатканды. -дейт экен. Кыз:
— Ай, уятың жок немесиңго! -дептир

Салам кат

Солдат суйгөн кызынан кат алат.
‘Мен башка жигит таптым, баягы сурөтүмдү кайра бер’ деген жерин кайта-кайта окуйт. Анан жигит бүт взводдон кыз аттуунун болгон сүрөтүн чогултуп, арасына тиги ‘сүйгөнүнүн’ сүрөтүн кошуп туруп моминтип кат жазат: ‘Нарындан жазган салам катыңды алдым. Сени эстей албай койдум. Мобул сүрөттөрдүн арасынан өзүңдү таап ал да, калганын кайра салып жибер’

Бирөөнү мыскылдабагын!

Кыз аялдамада баланы күтүп олтурат,
анан бала акырын келип кызды чочутат.
кыз чочуп кетип осуруп койот.
Бала мыскылдап күлөм деп мурдунан бырыгы куюлуп кетиптир.

Предыдущая страница 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39Следующая страница

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!