Анекдот - кыргызча

Эски достор

Бир кыргыз жигит менен бир казак жигит экөө москвада “дорожник” кесибинде билим алышып, өз мекендерине кайтышат экен. 15 жылдан кийин жанагы кыргыз жигити казак досунан кабар алганы келет экен. Көрсө жанагы казак досу аябай байып кетиптир.
Кыргыз жигит сураптыр:
– Сен эмне кылып ушунча байыдың – деп сураптыр
Казак досу Астана дагы чоооң көчөлөрдүн бирине алып келип айтыптыр:
– Ушу жолдун эки четинен 5 см ден жедим дептир.
5 жылдан кийин казак кыргызга келиптир кабар алганы, Кыргыз жигит аябай байып кетиптир.
– Кантип байыдың десе.
Кыргыз жигит кең талаага алып келиптирда көрсөтүптүр:
– Ушул жерге чоооң жол салыныш керек эле, мен бөлүнгөн акчанын баарын жеп койдум деген экен!!

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!