Эртең менен контейнерди жаңы эле келип ачып жатсаң, суроо берет:
– Жаңы эле келдиңби?
– Жоок, ушуяка жаткам.
Ангыча дагы бирөө келет:
– Шыпыргы канча сом?
– Шыпыргы 100сом!
– Эмнеге?
– Акча аябай керек болуп жатат!
– Он сомдук пакет канча сом?
– Он сомдук пакет он сом.
Мade in China деген жазууну көрүп туруп:
– Моонун китайский эмеспи?
– Жоок, Бишкектики!
– Алдабачы, Маdе in Сhinа деп жазылып турбайбы?
Кудай сурап чал келет:
– Балам нанга бир сом берчи?
– Майда жок, анан келиңиз.
– Бир сом ץчץн анан келип жץрмөк белем?
– Анда анан өзץм алпарып берем.
Негизи ץйгө туура 6да барып калышым керек да. 6дан беш мץнөт өтץп кетсе, аялым чалат:
– Алло, Алтынбек каяктасың?
– Каякта болмок элем, базарда.
– Базарда эмне кылып атасың?
– Футбол ойноп атам.
Автору: Алтынбек Эгембердиев
