Бир абышка “Москвич” машинасы менен жол чырак кызыл жанганда, токтойм деп, алдындагы “Тойота” кымбат джипти сүзүп алат, Джиптен спортчу түспөлдөнгөн зоңкойгон үч жигит түшүп, абышканы “джиптин “ремонтуна сындырмакчы болушат. -Эй , абышка, бул машине канча турарын билесиңби? Кана, айтчы, эмне мүлкүң бар, кантип төлөйсүң?! -деп, жигиттер демитип киришет. -Эми, балдар, менде болгонун силерге берип, силерден кутулайн, жанымды аман койгула. Көлдө 3 гектар сугат жерим бар, көл боюнда пансионатым бар. Ошону алгыла, күнөөкөрмүн. – дейт, абышка. Муну уккан тиги жигиттер, демиткенин күчөтүшөт. -Ай, абышка, мунуң биздин машиненин ремонтуна жетпейт! Кош үстүнө! -Ээ, балдар, бир аз ойлонойунчу. Уруксат берсеңер, кофе ичип алалычы, акылдашалычы, багажнигимде кофе бар эле, келгиле, чогу кофе ичип, акыл толгойлу.- деп, абышка машинесинин багажнигин ачат. Багажникте аквариумда алтын балык бар экен. Абышка балыка кайрылып: 4 кофе берчи – дептир. Заматта тиги жигиттердин колунда бир стакандан кофе пайда болот. Муну көргөн жигиттер абышкага кайрылышат. -Ай, абышка бизди кечир! Могу джипти, жана ар бирибиздин 3 бөлмөлүү үйүбүз менен акчабызды ал. Биз, сенин балыгыңды эле алалы.- дешиптир. Абышка бул сунушка макул болуп, балыкты берип жолуна түшүптүр. Тиги жигиттер аквариумду көтөрүп, четке чыгып, балыка кайрылышат имиш. -Алтын балык, эми сен ар бирибизге Швейцариядан бирден банк, Фиджиден бирден арал дайында! – дешсе, балык жооп берет имиш мындай деп: -Эй, жигиттер! Мен кофе даярдагандан башканы билбейм!
Пикир калтыруу