Анекдот - кыргызча

Кыргызча анекдоттор

Мөнөк

Бир мөнөк шапкасынын үстүнөн башын тырмап жатканын бир киши көрүп калып сурайт экен
— Сен мөнөксүнбү?
— Ооба, эмнеге сурадың?
— Шапкаңдын үстүнөн башыңды тырмап жатасың да.
— Эмне болуптур анан? Сен деле көчүгүң кычышса шымыңды чечип тырмайсыңбы?

Кайнене менен келин

Кайненелер менен келиндер 2 автобус болуп тойго баратышыптыр.
1-автобуста жалаң келиндер, 2-автобуста жалаң кайненелер экен.
Кайненелер болгон автобус кырсыкка учурап баардык жүргүнчүлүр каза болуп калышат. Аны көргөн келиндер баары «кайненелерибизден кутулдук» деп кубанышып жатышса арасында бир келин ыйлап жатыптыр.
Эмне болду сага деп сурашса «мен кайненемди үйдө калтырып келген элем» деп жооп берген экен!

гречка

Жаны турмушка чыккан кыз апасына чалат.
-Апа куйоо баланыз гречка жебейм деп жатат.
-А сен ага канчалаган кыйынчылык менен бышырганынды айттынбы?
-Апеей аны бышырыш керек беле?

Орусча суйлоо

Бир куну бироо имамдан сурап калат:- таксыр бу суйлогондо орусча аралаштырып суйлогондорго куноо болобу же болбойбу? :- десе имам: — точнасын эстей албай жатам, помоему болсо керек эле… дептир.

Предыдущая страница 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33Следующая страница

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!