Анекдот - кыргызча

Кыргызча анекдоттор

робот

япониялыктар ууру кармай турган робот чыгарышыптыр. Ал роботту Россияга алып келет 1 саатта 100 ууру кармайт. Францияга алып барат 1 саатта 200 ууру кармайт. Кыргызстангада алып келет 5 минутанын ичинде роботту уурдап кетишиптир!

Туулган күнүң менен

Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.

Энелерди барктай билели, сыйлай билели.

Боксер

Бир боксер маанилуу мушташ алдында ооруп ооруканага жатып калат. Айласы кеткен тренери эптеп айла табыш керек деп, ордуна башка бирөөнү издеп жөнөйт. Издеп жүрүп эт комбинаттан уй сойгон касапчыга жолугат да ага жалдырайт. Эптеп эле 12 раунд туруп берип койсоң, коп акча аласын деп. Тиги касапчы макул болот.
Мушташ башталат… 1 РАУНД. туруштук берек. 2..3..4.. РАУНД.
11 РАУНД бүткөндө бети-башы бүт канап, аябай токмок жейт.
Тренери келип:
-Эми бир раунд чыдап койсон болду…
Анда касапчы:
-Тренер мен деле чапсам болобу?
-Ой болот, чапканды билесинби? десе
12 раунд башталганда тиги атаандашын бир уруп нокаутка кетирет. Көрсө уйларды бир уруп өлтүрүп анан сойчу экен да.

Шайтан

Шайтан баласын айлана чөйрөсү менен таныштырып жатып,
— Адамга келгенде сен балам ушул, Адам дегенден качкын,
алар эмне жаман иш кылса шайтан азгырды деп бизге жүктөп коёт — деген экен.

Бир порса плов

Озбек,казак,кырыз болот.Бир куну кечинде учоо тамактанабыз деп казанды караса бир порса плов калыптыр.Анан учоо ойлонуп,азыр учообуз тен уктайбыз,эгер ким жакшы туш корсо ошол пловду жейт дептир.Эрте менен туруп озбек:»мен тушумдо аппак атты минип айга барып келдим» дейт.Казак:»мен тушумдо дуйнону саякат кылып келдим» дейт.Анда кыргыз:»сен айга а сен дуйного саякатка кеткенде силерди кутууп кутуп пловду жеп койдум» деген экен.Корсо кыргыз тундо эле туруп жеп салган экен.

Предыдущая страница 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33Следующая страница

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!