Анекдот - кыргызча

Кыргызча анекдоттор

Мен аракты таштадым

Бир адам дайыма бир барга барат экен, барганда барменден 3 бөтөлкө арак алып келдирип ичип турат экен,
Бармен бир күнү жанагы адамдан сурайт экен:
— Сиз эмнеге ар бир келгениңизде 3 бөтөлкө арактан ичесиз?
адам жооп берет экен:
— Биз 3 дос болчубуз, үчөөбүз үч тарапка кеттик, бир бөтөлкөнү өзүм үчүн, эки бөтөлкөнү да эки досум үчүн ичим жатам.

бир канча күндөн кийин, жанагы адам эки бөтөлкөдөн иче баштаптыр.
Бармен мунун бир досу өтүп кеткен турбайбы, эки бөтөлкөдөн иче баштаптыр деп ойлоп, адамдан сурайт экен:
— Аллах рахматы кылсын, бир досуңуз өтүп кеттиби?
анда адам жооп берет экен:
— Кудай сактасын, эки досум тең тирүү, мен аракты таштадым — дептир

СПИД бул жаман оору

Бир адам баласын Америкага окууга жөнөтүп жатып баласына мындай деп жатыптыр:
Балам ал жакка барганда этият болуп жүргүн, ал жакта спид деген жаман оору бар, ал ооруну жугузуп албагын, этият болуп жүргүн, ал ооруну жугузуп алсаң,
сенден келинде жугат, келинден мага жугат, менден апаңа жугат
билесиң да, апаңдан айылдын баарына жугат — дептир

Предыдущая страница 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33Следующая страница

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!