Ырлар

ЭРКЕКТЕРГЕ КУЛАК СЫРГА

ЭРКЕКТЕРГЕ КУЛАК СЫРГА!

Аялыңдын тилин таба албасаң.
Бул өмүрдө накта чыгат колбасаң.
Аял деген ишенчээк бечаара.
Любой ишти кыла берет алдасаң)))

Сулуусуң де, тилиң түшүп калса да.
Комплимент укса түшөт танцага.
Жакшы сөздү күтуп жашайт, жөөөн эле.
Жашагыдай торпок беле ал сага.

Кээде – кээде эркелетип сылап кой.
Акыбалын, жумуштарын сурап кой.
Кемтиктерин аста – секин толуктап.
Үзүлгөнүн аста – секин улап кой.

Аял сага аманатын унутпа.
Аял берген Жаратканды улукта.
Сууга тоюп, аны кайра төгүлткөн.
Аманаттын баркын билет булут да.

Бир катындын көөнүн таба албасаң.
Анда кандай эркексиң сен, билбесем.
Аялдарсыз оту жанбайт очоктун.
Капа болбо аял баркын бил десем

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!