Анекдот - кыргызча

Кыргызча анекдоттор

өлүм жазасы

Өзбек орус кыргыз үчөө өлүм жазасына кесилиптир. Алардын акыркы 3 өтүнүчүн орундатмак болуптур. Өзбек: семьямды көрсөм,аш болсо, Лениндин жанына көмгүлө дептир. Орус. 1 ящик арак болсо, 1 чочко болсо жегени, Сталиндин жанына көгүлө дептир. Экөөнүн сураган тилегин аткарып анан атып таштаптыр. Кыргыз коон жейм дептир. Аксакал кышко азыр кайдагы коон десе жайды күтөбүз дептир. Күткөн жай келиптир. Коон жептир. Эми чана тепким келди дептир. Кайдагы чана жай эмеспи десе кышты күтөбүз дептир. Күткөн кышта келиптир чана тебиптир, Эми мени Атамбаевтин жанына койгула дептир.
Аксакал ал адам өлө элекко азыр десе, анда күтөбүз дептир.

«КУДАЙ БУЮРСА»

Кайсы бир өткөн замандарда такырле Кудайга ишенбеген бир күйөө сөрөй болуптур. Кечки тамак. Аялы аябай берилип манты жасап, 5-10 мүнөт жакшылап бууланып бышсын деп, … өзү дасторконду даярдап кирет. Ангыча ары жактагы күйөөсү дасторконго жетип келип “ай мантың быштыбы,.алпкеле берчи батыраак!!” дейт. Аялы: Кое тур эми кудай буюрса 10 мүнөттө бышып калат” деп жооп узатат. “Эй…апкеле берчи,..кудай буюрса, буюрбаса деле жечү мантыны жей берем,..алып кел эми!” деп ороңдойт күйөөсү. Жолдошунун мүнөзүн түшүнгөн аялы мантыны алып келет, күйөөсү бир мантыны колго алып эми оозго сала берээрде эшиктин конгуроосу шынгырайт да, менттер келип кайсы бир кылмышка тиешеңиз бар экен деп аялдын күйөөсүн ой-боюна койбой алып кетишип, түрмөгө 3 ай жатып чыгат. Түн. Аялы өзү жалгыз үйдө олтурат. Эшиктин конгуроосу угулат. Аял эшиктин жанына басып барып: “Ким бул?” десе, сырттан күйөөсүнүн үнү угулат: Кудай буюрса , мен сенин күйөөң болом…

Жиндиканада

Жиндиканада жиндилерди баккка чыгарып койсо, күн сайын бирөөсү бутун, бирөөсү колун, бирөөсү дагы бир жерин сындырып келет.
Булар эмне болуп жатышат, байкайынчы — деп жиндикананын врачы эртеси алар менен жиндиче кийинип алып бакка чыгат.
Жиндилердин бирөөсү:
— бүгүн алма бышты ойнойбуз — дейт.
Баары алмага чыгышат. Алар менен врач да кошулуп чыгат. Баары тен бир-эки-үч дешип жерге тап-тап деп түшүп калышат.
Бир гана врач түшпөй туруп алат. Муну көргөн жиндилер — бышпаган алманы таш менен уруп түшүрөбүз- дешип врачтын катыгын берген экен.

катын тамак быштыбы?

Класска уруксаатсыз кирип келген балага мугалим :
— бар эшике чыгып атаң үйгө кандай кирсе ошондой кир — дейт,
Бала эшике чыгып кайра кирип:
— Ээй… катын тамак быштыбы — дептир.

хлеб почему?

Эки кыргыз Москвада журуп дүкөнгө нан сатып алганы кирет экен. Кассир кыздан нан сурап жатышат дейт:
-Сестра хлеб почему?
-Чтобы кушать,- десе:
-Да я знаю чтобы кушать, хлеб почему? — деп сурайт дейт. Ошентип кайра- кайра сурап кызды чарчатат экен.
Анда берки досу орусча билген киши болуп:
-Сестра мой друг по русский не хорошо знаеш хлеб зачем?- деген экен…

Негрлер жана сыйкырчы

10 негр адам бир сыйкырчыны кармап алышыптыр,
Ар бирибиздин бирден тилегибизди аткарсаң сени койоберебиз дешет экен.
Сыйкырчы неглердин сунушуна макул болуптур.

Студент практикада

студент эми эле биринчи жолу практикага бир гаишник менен жолго чыгат. жолдо машиналарын жашырышып
жанагы студентке гаишник палканы карматып барып машиналарды тос дейт да озу эс алып олтурат омурундо тосо элек жолго чыгып
бироосун тосуп тартип бузулгандыгын тушундурот жини келген айдоочу:
— на собака деп 100 доллар берип кетип калат эч нерсени
тушунбогон студент жанагы гаишниктин алдына келип баарын тушундурот да ушуну берди деп айтат, аны коруп гаишник айтат:
-аааа это я собака, а ты пока щенок деген экен…..

Предыдущая страница 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33Следующая страница

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!