Коңшусу:
«Ой, Арыкбай, жүрү мончого түшүп келели» десе, беркиси:
«Ой, Баратбай, мен күзүндө эле түшүп алгам, өзүң бара бер» дейт.
«А, кышында кантесиң?» десе, топозуна айры менен саман ыргытып атып:
» Кыш деген төрт эле ай да» деп коет дейт))))
Бир жаш жигит, үйүнө үч кызды мейманга чагырып. Акырыын апасына суроо берет:
— Апа, кандай деп ойлойсуз, мен ушул үч кыздын арасынан…, кайсы кызга үйлөнөм..?
Апасы:
— Экинчи, көк көйнөкчөн кыз!
Баласы:
— Кантип билдиң апа…?
— Кирип келгенде эле кишинин кыжырына тийип, «аллергияны» карматты. дейт имиш.
Бишкектин маршруткаларынын абалын тушуп жургондор жакшы билет.Эки дос ортодо кыпчылып,гармошка болуп кетип баратса,алдыда турганы артында жабышып бараткан досуна:
-Эртерээк эле жетсек экен,кысталып баратам десе,Досу:
-Алдынкынын чонтогуно кое бербейсинби-дептир.
-Кой,э,билип калбайбы,десе,Досу:
-а сен билбей эле калбадынбы-деп коет дейт.
Жигит кызга СМС жазып атат:
-Ушул абонент сиздин турмушка чыгуунузду суранат.
Кыздын жообу:
-Турмуш куруу кызматын кошуу учун сиздин каражатыныз жетишпейт. Дагы жакшы иштеп кайра аракет кылып корунуз)))
— Менин ак костюмду берчи, жумушка кычырап барайын.
— Жаным, ак костюмуңду жуусам кичирейип калды эле, иниме берип салгам.
— Анда кара костюмумду бер.
— Жааным капа болбочу, аны дагы жуусам кичирейип калды эле иниме берип салгам.
Жинденген күйөөсү:— мени дагы бир жууп кичирейтип сиңдине берип салсаң боло.