Анекдот - кыргызча

Кыргызча анекдоттор

Бир апенди айымдын күндөлүгүнөн…

Жаш кезек…Кыздар менен вечир кылганбыз. Кафеде отурганыбызды билем. Бир мезгилде барга кирдик.. дагы бир аз убакыттан кийин каруселге түшуп жатканыбызды да билем. Үйгө таңга жуук кайттым. Ойгонсом эле трусам жок экен. билбей калдым…Менимче, каруселде айланып атканда шамал учуруп кетсе керек))
***
Биз, аялдар неге жыл өткөн сайын толуп кетебиз? Неге дегенде биз жыл өткөн сайын акыл, тажрыйба, билимибиз ашып барат, алар биздин башыбызга батпай калганда бүткүл денебизге таркай баштайт..!
***
Үйдө отурсам эшиктин коңгуроосу шыңгырап калды. Сулууча келген жаш жигит «күйөөңүз үйдөбу?» деп сурады. Жок десем эле кирип келип, мени диванга сүйрөп жөнөдү…
Мага баары жакты, бирок күйөөмдө анын кандай жумушу бар экендиги до сих пор -табышмак))
***
Диетага өзү негизи отурбаш керек экен..же туруп же кыймылдап турган пайдалуурактай))

Университеттин студкеңешинин башчылыгына кимди койсок деп талаш жүрүп атканда, бир аксакал мугалим:
— «Эркек балдардан эле койгулачы. Кыздардан койсок, турмушка чыгып кетет экен, же тууп коюп, иш токтоп калат экен».
Анда бир мугалим эжей:
— Агай, «тууп» дебей маданияттуу түрдө эле «төрөп» дебейсизби! десе, агайы айтат дейт:
— «Мен миң маданияттуу болуп «төрөп» деп айтсам деле баарибир тууп коюп атышпайбы» — деген экен.

Бир жолу Апенди деңиз аркылуу Англияга барып калат. Порттон атка жеңил, тайга чак Апенди кеменин үстүнөн жерге арканды ыргытып, жердеги бирөөнө: — » Арканды байла!» -деп кыйкырат экен.
Анда жердеги англичанин байкуш кыргызчаны кайдан түшүнсүн, эки колун жайып, башын чайкайт. Апенди дагы кыйкырат.., дагы кыйкырат… Тиги байкуш түшүнбөйт. Тажаган Апенди узак жолдо кулагы чалып калган сөз менен тигиге кайрылат: — » Do you speak English?» («Сен англисче сүйлөй аласыңбы?» ) деп. Анда сүйүнүп кеткен тиги: «Yes, yes I can.» («Ооба, ооба сүйлөйм.» ) десе, Апенди: — » Анда эмне турасың жалдырап! Байла арканды!» дептир.

Өлүм төшөгүндө жаткан чал кемпирине: — » Тур барып жакшына кийимдеринди кийинип келчи» дейт. Акыркы жолу мени жакшынакай көргүсү келген тура, — деп ойлогон кемпири татынакай жасанып келип абышкасынын жанына отурат. Көпкө отуруп зеригип чалынан сурайт: — » мени эмне минтип жасантып алып отурасыз» , — десе, чалы айтат дейт: -» жан алгыч келсе, жакшынараак экен деп сени алып кетеби деген ой да»…

Бир МАИде иштеген киши аябай капаланып досуна арманын айтып отурат дейт: — «Мен кунуго таң аткандан түн киргенче жаагым талыганча ышкырып атып таап келген акчаны, аялым бир эле ышкырып тартып алат»

МАИ кызматкери аксакал айдоочуну тосуп калат. Аксакал уулум кайсынысынан таштап кетейин десе МАИ кызматкери Курманжандан бирди таштап кетсениз жетет дейт. Анда аксакал карыган Курманжанды мага таштап жашыраак Бубусараны эле албайсынбы деген экен.

Жаны жумушка орношкон МАИ кызмакери катуу келаткан авто унааны токтотсо, капкара айнегин бир аз түшүргөн айдоочу МАИ кызмакерин карап туруп: — «алгыла иттер» деп 200 $ жерге ыргытып ийет да кете берет. Тигини ары жакта машинада отурган көптөн бери иштеп келаткан МАИ кызмакери чакырып алып айдоочу эмне деди деп сурайт. Анда тиги алгыла иттер деп 200 $ таштап кеткенин айтса мурунку иштеген кызматкер мындай дейт: — «Анда бул акчаны мага берген турбайбы, сен али күчүксүн да»

Врач-аялды сүйбөгүлө, алар «Кийинкиси кирсин!» дей беришет,
Сатуучу аялды да сүйбөй эле койгула, анткени аларга келсең «кезекке тургула». деп айтат.
Жакшысы, педагог аялды сүйгүлө, анткени алар дайыма «Келгиле, дагы бир жолу кайталап коёлу» деп турушат.

Бир аял зоо-магазинге кирип сатуучудан попугай көргөзүүсүн өтүнүптүр. Сатуучу кыз бир эле попугай калганын айтып, кааласа аны сатаарын билдирет. Аял попугайды карап көруп алам дейт. Сатуучу кыз бул попугайдын мурда сойкуканада жашаганын, ошон учун ар кандай сөздөрдү сүйлөп жиберээрин эскертет. Сатуучунун эскертүүлөрүнө көп деле маани бербеген аял, попугайды сатып алып үйүнө алып келет. Үй ичин бир сыйра айланып карап койгон попугай мындай дейт:
— «Ооо жаңы үй, жаңы хозяйка». ..
Аны уккан аял күлүп калат. Бир убакта аялдын эки кызы сырттан үйгө киришет. Аларды көргөн попугай кайра сүйлөйт:
— «Ооо жаңы үй, жаны хозяйка, жаңы жапжаш кыздар»…
Эч текени түшүнбөй калган кыздарына тиги аял болгон ишти түшүндүрүп берет. Кыздары да кулуп калышат.
Бир убакта уйдун ээси «жумуштан» келет дейт. Аны көрөөру менен попугайга кайра тил бүтөт:
— «Ооо жаңы үй, жаңы хозяйка, жаңы жапжаш кыздар, Кадыр байке бул үйду кантип таап келдиңиз?..»

Мектеп окуучусу: «Жылдын мыкты окутуучусу» деген наамды класс жетекчиме туура эмес ыйгарышты, анткени бул наамга атамдын камчысы татыктуурак болчу.

Бир киши эрте менен башы ооруп досуна звонок кылып:
— Досум, биз кече пиво ичтикпи?
— Ичтик.
— Аракчы?
— Ичтик.
— Коньякчы?
— Ичтик.
— А ракетага куйган майдычы?
— Ичтик.
— А сен туалетке бардынбы?
— Жок?!
— Досум, барба, мен сага Токиодон звонок кылып атам!!

Предыдущая страница 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33Следующая страница

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!