Биздин ОшМУнун башкы корпусунун ичинде бир студент жигит баратат дейт, анын алдынан сакалчан профессор чыгат.. Студент:
— Кечиресиз профессор, сизге суроо берсем болобу ?
— Албетте болот..
— Профессор, сиз кечинде уктаганда сакалынызды жууркандын ичине катып жатасызбы же сыртына чыгарып уктайсызбы ?
— Балакай, конул бурбаптырмын.. Студент жолун уулайт… Бир аптанан кийин баягы профессор козу шишип, баягы студентти кокусунан колдон кармап алат да:
— Акмак десе, сенин айынан мен бир аптанан бэри уктай албайм, сакалымды жапсамда, жаппасамда ынгайсыз болуп жатат…
Вечеринкада вальс болуп жатса бир кыз тез-тез бийлеп жатат. Жанындагы бала,-Чон кыз бул женил бий да, эмне тез-тез бийлеп жатасыз? десе
-Мен уйго тезирек барышым керек ошого шашылып жатам, деген экен.
Күйөөсү мончодон кийин үйүнө мааас болуп келет. Аялы:
— Эмне мынча көп ичтиң? — дейт
— Көп эмес, бир эле жолу түбүнөн эле ичкем
— Стакандын түбүнөн бир эле жолу ичкенге ушунча мас болосуңбү?
— Мончодо кайдагы стакан, тазик менен ичкем.
Таң атпай эле ыйлап жаткан аялынан күйөөсү сурайт:
— Эй, эмне болду? Карга бок чокуй электе эле озоңдойсуң?
— Ү-ү-ү-үү, ү-ү-үү…
— Эй, адамдын нервине ойнобой, мындай бир айтып ыйлачы! Эрте менен жок жорукту баштабай!
— Түшүмдө бир ба-аай киши мени сизден тартып алды, ү-үү-ү… мурдун шор тартат аялы.
Эреркеп кеткен эри:
— Ой, алтыным! Ошого да ыйлайбы? Түшкө нелер кирбейт да, түлкү нени жебейт. Бул түш да.
Аялы андан бетер озондойт:
— Үү-ү-ү! Ошо түш болуп атпайбы-ы-ы! Үү-ү-үү!
Уйлонуу тойго чакыруу алган бир киши ресторандардын бирине кириптир, кирип караса эки эшик бар экен биринде «Келиндин туугандары учун» экинчисинде «Куйо баланын туугандары учун» деген жазуулары бар экен, «Куйо баланын туугандары учун» деген эшиктен кирип бир канча кадам журсо, дагы эки эшике туш келиптир биринде «Аялдар учун» экинчисинде «Эркектер учун» деген жазуу бар экен «Эркектер учун» деген эшиктен кирип, бир канча кадам жургондон кийин жана да мандайынан эки эшик турат биринде «Белек алып келгендер учун» экинчисинде «Белек алып келбегендер учун» деп жазылыптыр, «Белек алып келбегендер учун» деген эшиктен кирип бир канча кадам жургондон кийин кочого чыгып калыптыр.
Бир киши дарегерге келип:
-Тишим менен башым ооруп тажатты, жарам бербесеңиз болбойт?!
-Дарыгер; Ай ал деген эч несе эмес! Эгерде ичиң өтүп, өзүн унутчаак болсоң ошол жаман. Жүгүрүп баратасың а бирок кайда жана эмнеге экенин эстей албай,-дептир))
