Анекдот - кыргызча

Кыргызча анекдоттор

Убара болбой эле кой

Бир еврей машинесин токтотуп коюш үчүн жер издеп жатат…. Өчөшкөндөй ошол күнү машине коё турган бош жер жок…
Еврей кудайдан сурады:
-Эй кудай, азыр менин машинемди токтотуп коюш үчүн бир жер таап берсен, сен үчүн күнү-түнү ибадат кылам, жалгыз сен үчүн орозо кармайм, сенин ыйык кылган мөмөлөрүңдөн гана жейм…
Ошол маалда бир машине ордунан жылып жай бошоп калды…
Анда еврей:
— Кудайым, сен убара болбой эле кой, мен өзүм таап алдым, — дейт имиш…

Адвокат

Касап адвокатка келиптир:
— Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
— Ал иттин ээсин билесизби?
— Ооба.
— Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн… Иттин ээси ким?
— Ал сиздин итиңиз болчу…
— Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
— 3 кг. 450 сом болот…
— Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот… Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура болот да, ее?

Отун керекпи?

түндө уктап жатканда бир чоочун адам дарбазадан кирип,эштикти такылдатып калат.:
—Кожоюн, оо кожоюн
—Эмне болду түн оротсунда ким бул?
—Отун керекпи?
—Жок кереги жок кете бергиле..
Эртең менен туруп караса, короосунда бир да отун калбай калыптыр.

Кайсынысын …

Башкаларына мактанайын деген аял кызматчысына
— мындан кийин мен коноктордун алдында бирдемке сураганда жалгыз болсо да кайсынысын деп сурайсын дейт

1 күн өткөндөн кийин коноктор келиптир
Аял:
— Жамийла палтому алып келчи көрөйүн
Жамийла:
— Кайсынысын…….
деп барып жалгыз палтосун алып келиптир.

Коноктор кетерде Аял:
-Жамийла күйөөмдү чакыр
Жамийла:
-Кайсынысын ………………..

Предыдущая страница 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33Следующая страница

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!