Тоолор тоого жамандык этпейт экен
Жемиштер да бири бирин жешпейт экен
Адам колу тийбесе адам колу
Бычактар да бир бирин кеспейт экен
Бир бирине жыландар да ор казбайт экен
А, ак куулар суйуусун сатпайт экен
Адамдардын ниети куурабаса
Мылтыктар да бир бирин атпайт экен
0 110 Время чтения меньше минуты