Апенди

Апендинин жоруктары

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Бир киши ити менен бир аянтка барды. Адамдарды чогултуп, итинин сүйлөй алат экенин айтты. Адамдар ишенишкен жок. Баары менен мелдешип чыкты.

Бирок ит сүйлөй алган жок. Баарына утулган акчасын берди… Маанайы түшүп отуруп, итти сөгө баштаптыр.

– Сенин айыңан ушунча акчага утулдум. Эмнеге сүйлөгөн жоксуң?

Анда ит:

– Бирок бул жакшы да болду. Элестет, эртең канча акча табабыз, – дейт имиш. (Көрсө ал ит сүйлөйт деле эмес, ойлонот деле экен да).

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Бир киши көчөдө тилемчилик кылып жаткан бирөөгө 20 сом акча берди жана айтты:

– Муну ал, бирок мен үчүн дуба кылба!

– Эмнеге? – деди таң калган тилемчи. Киши болсо:

– Сенин дубаң пайдалуу болсо, сенин өзүңө пайдасы тиймек. – деп жооп берип кетип калды.

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Апендиге бир киши бересе экен.

– Карызымды келе! – деп, Апенди бир күнү аны жолуккан жерде жакадан алат. Ошол учурда ар жакта бараткан бирөө Апендини алдап, тигини куткарып кетмекчи болот да:

– Апенди, сен жаңылып жатасың. Сага бу киши карыз эмес, мен карызмын, – дейт. Анда Апенди дароо аны сөзүнөн кармайт:

– Мага карыз жеке эле сен эмессиң – деп, тигинин өзүн кошо бересе кылып салат. – Бул да сага окшоп көптөн бери аласамды бербей жүрөт.

Предыдущая страница 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13Следующая страница

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!