Апенди

Апендинин жоруктары

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Бир кызга 3 жигит – орус,кыргыз, казак куда түшүп барышат.
Орус жигит ромашка гүлүн алып келет. Кыз жигиттерди сынап көрүү максатында, гүлдү жешин суранат. Орус жигит жеп койот.
Кыргыз роза көтөрүп келет. Кыз кайра эле гүлдү жешин өтүнөт. Күлүп да, ыйлап да жеп жаткан кыргыз жигитке таң калган кыз:
– Эмне ыйлап жатасың?
– Тикенектери ачуу экен.
– А, эмне күлүп жатасың?
– Артымдан келе турган казак кактус көтөрүп келе жаткан.

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

– Чоң кыз, канча жаштасыз?
– Он тогуз жаш жана жетимиш эки ай…

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Поездде бир сулуу кыз менен бир купеге түшүп калган жигит сүйүнүп отурат. Жол узун, эч болбогондо таанышам гоо деп атат ичинен. Бирок сөздү каерден баштаарын билбей турат. Кыздын колундагы саатты көрүп калды. Идея!- деди ичинен.
– Чоң кыз, саат канча болду?
– 8:30.
Бүттү… Башка сөз жок. Жигит эмне кылаарын билбей туруп калды. Арадан убакыт өттү. Жигит кантип сөз башташты билбей турат. Дагы саатты сурады.
– 8:35 – деген жоопту алды. Эмне деп улантышты билбей турат эле бечара.
Эч жаңы нерсе таба албай дагы саатты сурады. Кыз колунан саатты чечти да жигитке берди.
– Мына, өзүңүз эле карап кетиңизчи, – деп.
Саат 8:39 болгон болчу… Таанышуу үчүн бир гана жол болгон саат да анда болчу… Эмне кылаарын билбей ойлоно баштады… Аягында эмне болсо ошол болсун деп, дагы сөз баштады:
– Чоң кыз, сааттын канча болгонун айтайынбы?

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Үйгө мас келген жигит атасынан коркуп залда эле отурайын деп чечти. Залга кирсе эшиктин аркасында атасы гезит окуп отурат. Коркконунан эшикти жаап ашканага барайын деди. Ашкананын эшигин ачса, дагы эшиктин аркасында атасы гезит окуп отурат. Комнатасына барып эшикти ачса, эшиктин аркасында дагы атасы гезит окуп отурат.
Атасы башын көтөрүп баласына айтты:
– Бираз чыдап турчу, ишимди бүтүрүп алайын. Адегенде эле туалеттин эшигин ача бербей…

Предыдущая страница 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13Следующая страница

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!