∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Ашканага кирип келген студент ашпозчуга карап:
– Бир порция манты берип коюңузчу, – деди.
Ашпозчу:
– Оо, стипендия чыккан окшойт, ээ? – десе,
студент:
– Манты даяр болгондо 6 кашык менен менин столума жөнөтүп коёсузбу, – дейт экен.
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Жумуштан келген күйөөсүнө аялы айтып жатат.
– Жаным биз жакында үчөө болуп жашай баштайбыз.
Күйөөсү сүйүнүп:
– Кандай гана бактылуумун! Мен бул күндү качандан бери күтүп жүрөм. Рахмат сага, жалгызым, – дептир.
– Апамды мынчалык жакшы көрөөрүңдү билбейт элем, – дейт имиш аялы.
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Жарыя:
Сиз жумада 3 күн иштеп, айына 700-1000 доллар айлык алгыңыз келеби? Төмөнкү байланыш даректери менен бизге кайрылыңыз.
Телефон: 0ХХХ ХХ-ХХ-ХХ
П/С: Жумушту бирге издейбиз…
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Бир аксакал алган лотерея билетин текшертүү үчүн почтага барыптыр. Почтачы аксакалдын билетин текшерип, “100 миң сом утуп алыптырсыз,”- дептир. Аксакал мындай нерсе күтпөгөндүктөн өзүн жоготуп жерге жыгылыптыр. Аркасында турган киши жардам берип жаткандай болуп, өз лотерея билетин аксакалдыкы менен алмаштырып коюптур. Бираздан кийин аксакал өзүнө келгенден кийин почтачыга айтыптыр:
– Жакшыраак карачы, чындап еле 100 миң сом утуп алдымбы, ээ?
Почтачы аксакалдын колундагы жаңы билетти текшерип:
– Кечирип коюңуз, системадан катачылык кеткен окшойт, сиз 100 миң сом эмес, 200 миң сом уткан экенсиз, – дептир.
Муну уккандан кийин билетти алмаштырган киши өзүн жоготуп койгон имиш.