Апенди

Казан

Апенди бир күнү кошунасынын казанын сурап кетет.Бир канча күн колдонгондон кийин кошунасынын казанынън ичине кичинекей казан салып кайра алып барып берет.Аны көрүп кошунасы таң калып:-Ээ,кошуна бул эмне?-деп сурайт.
Аа,булбу?
Бул казандын баласы.
Өткөндө биздин үйдө жүргөндө казаның тууп койду эле,-дейт апенди.
Кошунасы кудуңдаган бойдон казанды алып калат.Арадан күндөр өтөт.Бир күнү апенди кошунасынан дагы казан сурап кетет.Ошону менен дагы бир канча күн өтөт.Күндөр айга алмашат,бирок казанды апенди кайрып бербейт.Апендиге жинденип казанын сурайт.Анда апенди:эми кошуна сабыр кыл.Сенин казаның каза болуп калды эле.Кантип угузсам деп жүргөм дейт.Аны уккан кошунасы ачууланып-койсоңчу калпынды?Казан кантип өлсүн-деп ачууланат.Анда апенди-ой кандай немесиң?Казаныңдын тууганына ишенип,эми өлгөнүнө ишенбей калдынбы?-деп коёт дейт.😂😂😂😆😆😆

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!