Апенди

Апендинин жоруктары

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Бактылуулуктун сыры:

Кичинекей бала үйүндөгү мындай нерсени байкаптыр. Атасын деле апасы башкарат, байкесин караса, байкесин де жеңеси башкарат, туугандарын караса бүт баары эле аялдар башкарат экен. Жалгыз кана чоң атасы чоң энесин башкарат экен. Бир күнү кичинекей бала келип чоң атасынан сурайт:
– Чоң энем кандай болуп сиздин айткандарыңыздан чыкпай калган? Чоң атасы болгон окуяны айтып берет экен. Мен чоң энең менен үйлөнгөндө, айылына барып жүктөрүн ат арабага жүктөп келе жатканда ат мүдүрүлүп кетти.

– Бул бир! деп коюп жолубузга уланттык. Бара жатканда ат дагы мүдүрүлүп кетти.
– Бул эки! деп жолубузга уланттык Үчүнчү жолу мүдүрүлүп кетти эле, арабадан түшө калып атты муздап койдум дейт. Ошол кезде чоң энең кыйкырып жиндене баштады.
– Бул эмне кылганың, жүктөрдү кантип алып кетебиз, деп. Ошондо:

-Бул бир деп айткам, ошондон бери бактылуу жашап келе жатабыз. Чоң энең бул эки деп айттырбай калган дейт экен.

Арадан жылдар өтүп, жанагы кичинекей бала үйлөнөт экен. Келинчеги кир жууп жаатканда алдынан бир мышык өтө берет экен. Үйлөнгөн жигит бул бир дейт экен. Мышык дагы өтөт экен, жигит бул эки дейт экен. Мышык үчүнчү жолу өткөндө, бул үч деп туруп мышыкты кармап алып жерге бир чаап өлтүрүп коюп келинчегине карайт экен. анда келинчеги:
– Мага бул приемуң өтпөйт, бул окуяны мен да билем, дейт экен.

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Жиндиканадагы палаталардын биринен үн келип жатат:

– Мен пайгамбармын. Мени кудай жиберди…

Экинчи палатадагы үн:

– Жалган айтып жатат. Мен эч кимди жиберген жокмун.

Ooouuyy boooruum aayyu)))

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

-Але, салам алекум! Биз Союзпечаттан чалываттык эле…Силер гезитке жазыласыңарбы?
-Жок, бизде Интернет бар…
-Эмне, туалетке клавиатураңарды сүйрөп барасыңарбы?

Предыдущая страница 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13Следующая страница

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!