∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
– Бул мейманкананын баалары кандай?
– Бир түн үчүн баалар: Биринчи кабаттагы бөлмөлөр 70 евро, экинчи кабаттагылар 60 евро, үчүнчү кабаттагылар 50 евро, 4-кабаттагылар 40 евро. Мейманканабызда лифт болбогондугу үчүн ушундай баалар койгонбуз. Кайсынысын каалайсыз?
– Жок, рахмат… Мейманканаңар аз кабаттуу экен…
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Бир жигит атасына айтып жатат:
– Ата, бүгүн бир кыз менен тааныштым эле. Ал менден “Бишкекте окуйсуңбу?” деп сурады. “Жок,” десем, “минген машинең мерседеспи?” дейт. Ага да “Жок” деп жооп бердим. “Үч кабаттуу особнякта жашабасаң керек” деди эле, “Ооба” дедим. Анан ал кыз мен менен сүйлөшпөй кетип калды.
Анда атасы:
– Эми, балам, ал кыз үчүн Нью-Йорктогу окууңду таштап, Бишкекте окушуң мүмкүн. Феррариңди сатып, Мерседес алсаң да эч нерсе дебейм. Бирок канчалык сулуу кыз болсо да, үйүбүздүн үстүңкү 2 кабатынан кечишибизге татыктуу болбосо керек, – деген экен.
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
– “Акча акча” эле дей бересиң… Чыныгы байлык чөнтөктө эмес, адамдын ичинде (ички дүйнөсүндө) болот, муну унутпа.
– Ооба. Мисал үчүн бөйрөктөр, ээ?
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Сулуулук салону:
Эки жигит жолдо кетип жаткан кызга тийишип:
-Чоң кыз, сулуулук салонунан келе жатасызбы?
Кыз кылыктана:
-Ооооба.
-А, эмне жабык бекен?
