Ырлар

Апакем

Мен бүгүн күндөгүдөн ойлуу турам,
Негедир жүрөгүм да толкуп улам
Себебин издеп таппай турганымда
Ой келди апакеме алып учкан.

Апакем ал жөнөкөй адамбы
Арабызда орду кандай жаралды
Чындыгында анын орду бийик зоо
Мына ошону барктабаган адамбы?

Тогуз ай курсагында жанын кыйып
Көтөргөн алсыздыктан күчүн жыйып
Тогуз жолу ойгонсо да түн ичинде
Мээримине соороткон сабыр кылып.

Апакем эбегейсиз мээнет кылган
Мен үчүн убакытын белек кылган
Бүгүнкү эрезеге жеткен чакты
Аллахым апакемди себеп кылган.

Апакем бал тилине эркелеткен
Оорусам эч себепсиз эстен кеткен
Мен күлсөм кошо күлүп кубанычтуу
Күч жеткис мээримине термелеткен.

Апа ким АПА деген асыл адам
Үй бүлөнүн бутактарын жашылданткан
Апасыз элестетсең үй бүлөнү
Караңгылык баскансыйт ар тараптан.

Ар мүнөт миңден алкыш айтсам дагы
Ар күнү жүздөн тартуу кылсам дагы
Мээнетиңден кутула албай айлам кетээр
Ал кылган эмгектердин бирин дагы.

Кечир апа эгер кылсам капалык
Эч каалабайм бир өзүнө жамандык
Күлүп жайнап улуу аллах жолунда
Жүрсөң экен оорубастан сакайып.

Максатым бар келечекте сиз үчүн
Аман болсок келээр го дейм ал күнүм
Ошондогу белектерим сизге арналган
Жазып кетээр бырыштарын жүзүңдүн.

Сен биз үчүн аракетиң аябай
Татаал турмуш тамырына карабай
Эл ичинде эл болсун деп ар дайым
Сен биз үчүн күч калчадың талыкпай.

Каалайм апа сизге бейиш бактысын
Бейиштеги кубанычтын тактысын
Сурап келем жаратканга жалынып
Бир өзүңө бул дүйнөнүн бакытын.

Урматтаймын сыйлаймын ызаттаймын
Улуусуң урматтуусуң ардактаймын
Апакеме узун өмүр жаш бергин деп
Жаратканга дуба кылам сурап дайым.

Эненин асылдыгын барктай билгин
Даңазалап дүйнөгө даңктай билгин
Жетишээр деп даңазалап тим болбостон
Кулча иштеп ак сүтүн актай билгин.

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!