Апенди

Апендинин жоруктары

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Мектептен келген бала атасына айтат:

– Ата, бүгүн мугалимибиз мени мактады.

– Азаматсын. Эмне деп мактады мугалимиң?

– “Жазууң 30 жыл иштеген дарыгерлердин жазуусундай” деди.

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Жиндиканадан чыккан дарыгер машинесине отураардан мурун дөңгөлөктөрүн текшерип караса, бир дөңгөлөгүнүн шуруптарын уурдап кетишиптир. Калган дөңгөлөктөгү шуруптар жайында турат. Дарыгер эмне кылаарын билбей турса экинчи кабаттагы жиндилерден бирөө бакырыптыр:
– Калган 3 дөңгөлөктөгү шуруптардан бирден алып шурупу жок дөңгөлөккө тагып кетсеңиз болот…
Дарыгер ойлонуп көрсө, жинди туура эле айтып жатат. Жиндиге карап:
– Эй, сен жинди эмес окшойсун, ээ? – деп сураптыр. Жинди болсо:
– Жиндимин, бирок акмак эмесмин, – деп жооп берген экен.

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Тиш доктур пациентке кеңеш берип жатат дейт:

– Мына сизге жаңгак. Муну жесеңиз тиштериңизге барып тыгылат. Анан курттар тишиңизди эмес, жаңгакты жейт.

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Психиатр:

– Сиздин ооруңуз катуу экен. Кандайдыр бир күч сизди уурулук кылууга чакырат.

– Муну кантип дабаласак болот, доктор?

– Азыр дары жазып берем… Ручкам… Ручкам кана?

Предыдущая страница 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13Следующая страница

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!