∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Кичинекей кыз мектептен чыкты. Анын жанына машине келип токтоду. Машинеде бир киши отурат. Кызга карап:
– Машинеге отурсаң, сага момпосуй алып берем…
– Жок…
– Балмуздак алып берсем отурасыңбы?
– Жок…
– Жаңы оюнчук алып берейин анда.
Кыз машинеге отуруп жатып сүйлөндү:
– Ата, сага канча жолу айтам, мектепке “Запорожец” менен келбе, деп…
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Бирөө дүкөндө момпосуй алып жаткан кичинекей кызчага айтып жатат:
– Көп момпосуй жесең тиштериң чирийт, сулуу кыз болбой каласын чоңойгондо…
Анда кичинекей кыз:
– Менин чоң атам 106 жашта. Дагы деле жашап жатат, – деп жооп берди.
– Эмне, ал күндө момпосуй жейт, ошон үчүн көп жашады, дегиң келип жатабы?
– Жок, ал башка бирөөлөрдүн ишине аралашпайт, дегим келип жатат…


