Апенди

Апендинин жоруктары

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Жиндиканадагы палаталардын биринен үн келип жатат:

– Мен пайгамбармын. Мени кудай жиберди…

Экинчи палатадагы үн:

– Жалган айтып жатат. Мен эч кимди жиберген жокмун.

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Түрмөнү текшергени текшерүүчүлөр келишиптир. Карашса дарбазадагы кароолчулар уктап жатышат, иттер жок, дарбаза ачык, камералар да ачык эле турат. Бирок бир да киши качкан эмес, баары өз камерасында.

Текшерүүчүлөр таң калып сурашат:

– Эмнеге эч бирөөңөр качкан жоксуңар? Качуу үчүн ушунчалык шарттар болуп турса?

Түрмөдөгүлөрдөн бирөө жооп берет экен:

– Түрмөгө интернет алып келип, ар бир камерага улап беришкенден кийин эч кимдин качкысы келбей калды.

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

– Сиз бул бурулуштан катасыз бурулуп өткөн биринчи кишисиз. МАИ кызматкерлери катары сизге сыйлык берүүнү туура көрдүк. Мына сизге 1000 сом.

– Оо, жакшы болбодубу, өзүмө айдоочулук күбөлүгүн сатып алам.

– Эмне? Сизде айдоочулук күбөлүгү жокпу?

Сөзгө арткы орундукта отурган аялы аралашты:

– Жолдош милиционер, анын сөздөрүнө көңүл бурбаңыз. Ичип алганда былжырай берет.

– Эмне сиз массызбы?

Аялы күйөөсүнө карап:

– Мен сага айткан болчумун, уурдалган машинеде алыска бара албайбыз, деп.

– Машине да уурдалган ээ? – МАИ кызматкеринин көзү ордунан чыгып кетейин деди.

Так ушул убакытта арткы жүк коюлуучу жерден (багажник) үн угулду:

– Чек арадан өттүкпү?

Предыдущая страница 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13Следующая страница

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!