∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Студенттин атасы университеттеги агайга:
– Агай, менин балам сиздин эртеңки сынагыңыздан өтө албай калат деп ойлоп жатам – деди.
Анда агай:
– 10000 сомго мелдешишим мүмкүн, балаңыз сынактан ийгиликтүү өтөт. – дейт имиш.
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Атасы момпосуй жеп жатат. 2-3 жаштагы уулу ага карап отурат. Муну көргөн апасы баланы эркелетип, сурады:
– Эмне болду? Атасы момпосуй бербей жатабы?
Анда атасы:
– Момпосуй бербей жаткан апасы. А атасы болсо момпосуйун бөлүшпөй жатат, – дейт имиш.
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Бир киши аялы менен банкоматтын алдына келиптир. Бирок картасынын сыр сөзү эч эсине келбейт имиш. Ойлонуп турганда эсине келиптир да, сыр сөздү териптир. Муну карап турган аялы:
– Адам деген ушундай да кызык болобу? Төрт тамгалуу сыр сөздү да унутабы? Кала берсе ал төрт тамганын баары жылдызча гана болсо… – деген экен.
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Сынакта мугалим студенттин баасын эч болбогондо үч коюп өткөрүп койгонго аракет кылып, эң оңой суроолорду сураса да студент жооп бере албай отурат. Аягында мугалим сурады:
– Асманда канча жылдыз бар?
Студент өзүнчө ойлонгондой болуп:
– Азыр агай… Билет элем, эстей албай жатам… Азыр эстейм, – деди.
Анда мугалим:
– Чыга берсең болот, бааң үч, – деди. Студент сыртка чыгып кеткенден кийин экинчи мугалим тиги мугалимге карап:
– Эч нерсе билген жок го, эмнеге үч баа бердиңиз? – деп сураптыр.
– Сиз асманда канча жылдыз бар экенин билесизби?
– Жок, билбейм.
– Мына сиз мугалим болгонуңузга карабай билбейсиз. Ал болсо билет болчу, унутуп калыптыр, – деп жооп берген экен тажрыйбалуу мугалим.
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
– Сен мени жоготуп алуудан корккон учуруң болду беле?
– Ооба, бир жолу сен үйгө кете бер деп, алынган нерселерди мага карматып коюп, өзүң базарга кирип кеткенсин. Ошондо унаамдын ачкычы сенде кетип калгандыктан сени жоготуп алуудан коркуп издеп араң тапкам…