Аралаш темада

Эненин күндөлүгүнөн

ЭНЕНИН КҮНДӨЛҮГҮНӨН…

Балам ушундай күн келет,менда каарыйм.Ошондо Сабырдуу болуп,мени түшүнүүгө аракет жаса.Эгер капысынан жеп жаткан тамагымды төгүп,же кийимдеримди сени жардамыңсыз кие албасам,”Жаш баладай”деп тилдеп ачууланба мага !!!
Кичине наристем экениңде Сен да ошенткенсиң…. бирок ал нерсеге менин жүрөгүм оорубайт.Тескерисинче жылмаюу менен эстеймин.Буларды сага үйрөтөм деп канча жаштыгым,убактым,өмүрүм өтүп жатканы оюма да келген эмес!!
Бул Сен үчүн убактымды эле эмес,керек болсо “жанымды да аябайм”дегенди билдирет балам.
Эгер чогуу сүйлөшүп олтургада,бир сөзүмдү кайра кайра кайталачу болсом,кыжырданып мени айыптабай,айткан сөзүмдү ук!!!
Кичинекей кезинде мен да бир эле жомокту кайра кайра айтып берчумун.А Сен чүрпөм ал жомокту кайра кайра угуудан тажабайт элең.А менин омүр жомогум аяктап баратат,ошондуктан мени айткан сөздөрүмдү оор көрбөй угуп коюшуңду суранам балам!!!
Эгер азыркы замандын жаңы буюмдарына түшүнбөсөм…..айыптаба балам,болгону бир ааз убакыт бер,түшүнүп алышыма.
Анткени мен сага туура тамактанып,туура кийинип,турмуш көйгөйлөрүнө каршы кантип күрөшүүнү үйрөтө алганмын.
Эгер сүйлөшүп жаткан учурда,айтчу сөзүмдү унутуп калсам,ачууланба.Эгер билсею …Мен үчүн сени менен сүйлөшүп жатканым эмес,сен менен чогуу экеним маанилүү.
Эсиңдеби?Сен кичинекей кезинде менден таптакыр алыстоону каалабайт элең.Өзүңдү үйгө жалгыз калтырчу болсом,АПАЛАП короону кыдырып айланчыктап ыйлачусуң!!!
Канаале азыр дагы көз жашыңды көл кылып,мени издесең…..менден алыстагың келбесе!!!
Эгер каарыган буттарым,мага кызмат кылуудан чарчап,таяныч болуудан баш тартса,мага колуңду соз балам.Жарык жашоого келип,жаныдан гана кадам коюп там тун басканыңда мен да сага кол созгон сыяктуу…
Балам мен сени мүдүрүлүп түшүп,кулап калышыңдан коркчумун.Азыр да корком өзүм кулап калышымдан,ошондуктан колуңду соз балам.Сенин жардамыңсыз кулап калышым мүмкүн.Балам боор этим,сени ушунчалык кичинекейинде жакшы көргөнүмчөлүк азыр да жакшы көрөм унутпа балам!!!

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!