Аралаш темада

Эркек менен аялдын айырмачылыктары

Аял менен эркек физиологиялык жактан эле эмес, психологиялык жактан да айырмаланат. Экөө эки башка ой жүгүртөт, эки башка кабылдайт дегендей. Бул нерсени тастыктоо үчүн алардын көзгө баса урунган айырмачылыктарын байкап көрөлү.

➡️Эркектер аялдардын жашоосунда биринчи эркек болгусу келет. Аялдар болсо эркектин жалгыз жана кайталангыс сүйүктүүсү болууну каалайт.
➡️Аялдар бир эле эркектен көп нерсени талап кылат. Эркектер болсо бир эле нерсени көп аялдан каалайт.
➡️Аялдар ден соолугу үчүн ар убак кооптонсо да эркектерге салыштырмалуу эки эсе аз оорушат. Ошондуктан эркектерге караганда 7-15 жылга көп жашашат.
➡️Эркектер эркектердин жамаатына бат көнүшсө, аялдар өздөрүнүн жамаатына көнүү үчүн көп убакыт талап кылынат. Ушул сыяктуу кайнатасы менен күйөө баласы оңой тил табышса, кайнене менен келиндин мамилесинде сөзсүз маселе болот.
➡️Аялдар бир эле убакта бир нече ишти аткарууга жөндөмдүү келишет. Мисалы, тамак жасап жатып телефондо да сүйлөшөт, баласына да көз салып турат. Эркектер үчүн бир убакта бир эле иш менен алек болуу керек, экинчиси тоскоолдук кылат.
➡️Эркектер аялдарга караганда бир кыймыл-аракетти көпкө кыла алышпайт. Мисалы, аялдар көп убакытка чейин сүйлөшүп отура берет. Эркектер бул нерсеге чыдамдуу эмес.
➡️Пикир келишпестик, ызы-чуу болгон учурда эркектин эң мыкты куралы унчукпай кутулуу болсо, аялдыкы көз жаш төгүү.
➡️Оор кырдаалдан чыгуу үчүн эркек өзү жол табууга аракет кылса, аял курбуларынан кеңеш сурайт.
➡️Аялдарда мимика, жест, көз караш менен түшүнүү жакшы өнүккөн. Ал эми эркектерде мындай сапат жокко эсе. Ошондуктан алар бат алданышат.
➡️Аялдар үчүн сүйүүсүн билдирүүгө караганда сүйүп калуу оңой. Эркектерде тескерисинче: сүйүүсүн оңой билдиришет, бирок оңой менен сүйүп калбайт.
➡️Эркектер агрессивдүү, аялдар чыр-чатактуу.
➡️Эркектер башка бирөөнүн сырын өзүнүкүнө караганда бекем сактайт, аялдар, тескерисинче, өзүнүн сырын башканыкына караганда жакшы сактайт.
➡️Аялдар эркектин сырткы келбетине караганда өзүнүн сырткы келбетине көбүрөөк маани берет. Эркектер тескерисинче. Ошон үчүн да “эркек маймылдан бир аз сулуу болсо болду” деген сөз айтылып калган.
➡️Эркектер жашоодо ар кайсы чөйрөдө – спорт, жумуш, сүйүүдө жана башкаларда ийгиликке жеткиси келет. Аялдар үчүн сүйүү ар дайым биринчи орунда.
➡️Аялдар ойлонуп сүйлөбөйт. Эркектер ойлонуп иш кылбайт.
➡️Эркектер көрүү аркылуу жакшы кабыл алса, аялдар сөз аркылуу жакшы кабыл алат. Ошон үчүн да “эркек көзү менен, аял кулагы менен сүйөт” деген сөз айтылып калган.
➡️Эркек бир нерсени бүтүн бойдон кабыл алса, аял майда-баратына чейин көңүл бурат.
➡️Эркектер аялдарга караганда өзүмчүл болушат. Бул алардын дайым камкордукта жүргөндүгүнө байланыштуу: алгач апасынын, эжесинин, андан кийин аялынын кам көрүүсүндө. Ошондуктан эркектер дайыма көңүл бурууну талап кылышат.

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!