Ырлар

Кызсайкал Кабылова – Сезим Махабаты

Кун өтсө кайра келбес өмүр кызык,
Күлкүсү күйүт коштоп, өтөт сызып,
Тагдырга таң каламын, таарынбаймын,
Таш боорлук кылып коет, кээде кысып,
Күн өтсө орду толбос жашоо кызык…

Минип алып өмүр кемесин,
Жашоо жээгин бойлоп келесиң.
Суктандырып түнкү жылдызды,
Сүйүү гүлүн мага бересиң…

Эстеймин эстен кеткис сезимдерди.
Жазып бүтпөйм санаасын сезимдеги,
Күбө болсо сүйүүбүзгө алтын казык.
Деп айткан ошол сөзүң эсиңдеби?
Эстеймин жаштык өткөн сезимдерди…

Минип алып өмүр кемесин,
Жашоо жээгин бойлоп келесиң.
Суктандырып түнкү жылдызды,
Сүйүү гүлүн мага бересиң…

Мен жүрөм жаштыгыма ырлар жазып.
Окусам болобу деп өмүр азын,
Табышпай таарынышып кетсек дагы.
Тагдыр бул ашыктыкта эмне жазык,
Мен жүрөм бир өзүңө ырлар жазып…

Минип алып өмүр кемесин,
Жашоо жээгин бойлоп келесиң.
Суктандырып түнкү жылдызды,
Сүйүү гүлүн мага бересиң…
Сүйүү гүлүн мага бересиң…

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!