Ырлар

Жүрөгүмдү, кайра мага кайрып бергин…

Кыйын экен, көнүп калуу бир адамга,
Үмүт берип, түбөлүксүз махабатка.
Жалгызым деп, эркелеткен күнүм элең,
Өзүңсүз, калдым бүгүн тунгуюукта.
🍂🍂🍂🍂🍂🍂🍂🍂🍂🍂🍂
Тең эмесмин, ооба сага туура айттың,
Менден дагы өйдөрөөк, сенин баркың.
Айланаң да, сүйүү сунган жигиттерге,
Билбеймин, байланып калдың балким.
🍂🍂🍂🍂🍂🍂🍂🍂🍂🍂🍂🍂🍂
Кеттиң бүгүн, келбес болуп кеткендейсиң,
Максатыңа, тилегиңе жеткендейсиң.
Өткөн чак, өтүп кетти аны билем,
Бирок мени, күнөөлүү деп эсептейсиң.
🍂🍂🍂🍂🍂🍂🍂🍂🍂🍂🍂🍂🍂
Шылдың кылып, күлдүң мейли күлө бергин,
Ызаа кылып, сөздөр менен жанды эздиң.
Эгер чындап, сен ошону каалап жатсаң,
Жүрөгүмдү, кайра мага кайрып бергин…

Авторлору: ELmuSS

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!