Анекдот - кыргызча

Эшек

Эки дос суу бойлой отуруп кечке арак ичишет. Күн кечтеп, салкындаганда экөө балык кармайлы дешип сууга кайырмак салышса балакет да илинбейт. Анда бирөөсү айылдаш бирөөнүн движогу бар экенин эскертип, анын тогу менен көп балык кармоону чечишет. Ага барганча күн кечтеп кетет. Бирок тигиниси да движогун берип, мастарга кыйын болбосун деп эшектин куржунунун бир көзүнө движокту экинчи көзүнө таштарды салып теңдеп берет. Алар сууга кайтып келгенде күүгүм кирип калат. Эригулдар ага карайбы. Акыркы бөтөлкөнү тең бөлүшөт да движокту түшүрө албай убара болушат. Ошондо бирөөсү көп болсо эки мүнөт иштетет экенбиз, эшектен түшүрүп убара болбой турган жеринде эле иштетели дейт. Движоктун жибин жулкканда тарсылдап жүргөн үнүнөн эшек үркүп качып жөнөйт. Үстүндө движок иштеген бойдон кетет. Эки мас балык калып эми эшекти издеп жөнөйт. Караңгыда ээн талаадан аларга койчуман жолугат. Ушул жерден эшек өткөн жокпу деп сурашса койчу камырабай туруп: эшек эмес го, фарасы жок мотоцикл өтүп кетти деп коет дейт😂😂😂😂🤣🤣🤣

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!